Прокурордун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковдун иши Ош облустук сотунда каралат

Материал 10:27де жаңыртылды

Ош шаардык соту прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган Мелис Калыковду өткөн жылдын ноябрында күнөөлүү деп таап өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге нааразы болгон Калыковдун жактоочулары аппелециялык арыз менен облустук сотко кайрылышкан.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов «Клоопко» Калыковдун ишин облустук сот 28-январдан 12-февралга жылдырып салганын билдирди. Ага Калыковдун жактоочусу алмашканы себеп болду.

Мелис Калыковдун эжеси Дарийка Калыкова шаардык сотто инисинин күнөөсү толук далилденбеген жана кылмыш иши жеткиликтүү тергелген эмес деп эсептейт.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү эртеси күнү Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Окуя боюнча «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголуп, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча Калыков Баткен прокуратурасынын кызматкерлери менен аңчылыкка барып, Мамажакыпов менен уруша кетип аңчылык куралын колдонгон.

Калыков өзү күнөөнү мойнуна албай келет. Өткөн жылы ал бир жумадай ачкачылык жарыялаган. Анын жакындары маркумдун өлүмүнө Баткен прокуратурасынын кызматкерлеринин да тиешеси бардыгын, алар күнөөнүн бардыгын Калыковго оодарып жатышканын айтып бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан.

Мамажакыповдун өлүмүнөн кийин маркум жана шектүү менен кошо аңчылыкка барышкан Баткен прокуратурасынын алты кызматкери ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлгөн.