Прокурордун өлүмүнө айыпталган Баткендин экс-аткаминери өмүр бою эркинен ажыратылды

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталган Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын экс-башчысы Мелис Калыков күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Калыков өзү күнөөсүн мойнуна алуудан баш тартууда. Буга байланыштуу чечим 27-ноябрда Ош шаардык соту тарабынан чыкты.

Бул тууралуу маалыматты «Клоопко» Ош облусутук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктап, бирок өкүм документалдык түрдө даяр эместигин айтып, бир-эки күндүн ичинде комментарий бере турганын кабарлады.

Ал эми айыпталуучу Мелис Калыковдун эжеси Дарыйка Калыкова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, Ош шаардык сотунун өкүмүнө макул эместигин, аны облустук сотко даттанып кайрылаарын жана соттук отурум учурунда адвокаттар жок болгонун билдирди.

«Биз өкүмдү колго ала элекпиз, алгандан кийин даттануу менен кайрылабыз. Өкүм чыгарылып жаткан учурда Мелис Калыковдун адвокаттары соттун отурумунда жок болчу», — деди Калыкова буга чейинки, тагыраагы 4-ноябрда болгон сот отурумунда инисине акыркы сөзүн айтууга уруксат берилбей залдан чыгарылганын кошумчалап.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун зомбулук белгилери менен өлтүрүлгөн денеси 18-ноябрда Төрт-Күл суу сактагычынын жанында табылган. Аны акыркы көргөн адам — мурдагы аткаминер Мелис Калыков болгон. Прокурордун денеси Калыковдун автоунаасынын жолунун изине түшүү аркылуу кармалган. Ошондой эле аткаминердин машинасында кан табылган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, алар урушуп кетип, Калыков мылтык менен прокурорго ок чыгарган. Калыков чочуп кеткендиктен тамеки чегип атып кокустан курткасын күйгүзүп, алып андан кийин күйүп аткан курткасын Мамажакыпов тарапка ыргытып, анын денеси күйө баштаган. Калыков бул учурда абдан мас абалда болгон.

Шектүүнүн үй-бүлөсү прокурордун өлүмүнө Баткен прокуратурасынын кызматкерлеринин да тиешеси бардыгын, алар күнөөнүн бардыгын Мамажакыповго оодаргылары келип атышканын билдирип, нааразылык акциясына чыгышкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен прокурорунун өлүмүнө айыпталуучунун жакындары судьяны алмаштыруу талабы менен кайрадан митингге чыгышты

Баткендин прокурорунун өлүмү: Шектүүнүн күнөөсү далилденгени айтылды