Ош: Прокурордун өлүмүнө шектелгендин жакындары судьяга ишенбестик көрсөтүп митингге чыгышты

Ош шаардык сотунун жанына чогулган Калыковдун жакындары. Сүрөт: Саадат Төлөгөнөва

Маалымат саат 14:50дө жаңыртылды.

Ош шаардык сотунун имаратынын жанында Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелген Мелис Калыковдун 30га чукул жакыны катышкан нааразычылык акциясы өтүп жатат. Алар ишти карап жаткан судья Жолборс Кудаяровго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны алмаштырууну талап кылышууда.

Айыпталуучунун эжеси Дарыйка Калыкова иниси 5-августтан баштап ачарчылык жарыялаганын «Клоопко» билдирди. Буга судьяга жана прокурорлорго ишенбөөчүлүк көрсөткөнү менен арызы каралбай жатканы себеп болгонун айтууда.

«Судья Мелисти 5-августтагы сот отурумунда залдан чыгарып, сырттан соттоп салам деди. Анткени иним “сиздин үстүңүздөн үч иш козголуп, тергөө жүрүп жаткандыктан ишенбөөчүлүк көрсөтөм” деп айткан болчу», — деп түшүндүрдү Калыкова.

Ал судья шектүүдөн тышкары ЖМК өкүлдөрүн да сыртка чыгарып, сот отурумун тартканга тыюу салганын кошумчалады.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов кылмыш иш козголгонун «Клоопко» тастыктап, бирок бул ага ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө негиз болбостугун айтты.

«Соттолуучу жана анын тарапташтары соттук процессти шоуга айлантышып, ишти создуктурууга аракеттенип жатышат. Судьяга козголгон кылмыш иши боюнча жашыра турган эч нерсе жок. Ал боюнча маалыматты Башкы прокуратурадан алсаңар болот», — деп билдирди Осмонкулов.

Башкы прокуратурадан «Клооптун» журналисттине кылмыш иши судья Кудаяровго каршы эмес, факт боюнча козголгонун айтышты. Кеңири маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Ал эми журналисттердин сот отурумуна киргизилбеши боюнча 5-августта судья тарабынан токтом кабыл алынган. Анда соттолуучу жана анын тарапташтары «коомчулукта иш боюнча туура эмес маалыматтарды таркатып жатышкандыктан соттук териштирүү аягына чыкканга чейин аны массалык маалымат каражаттарынын катышуусуз жүргүзүүнү туура көргөн» деп жазылган.

Прокурордун өлүмү

Баткен облусунун 43 жаштагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Төрт-Көл суу сактагычынын жанында табылган. Аны өлтүрүүгө шектелип облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков камакка алынган.

Шектүү ага тагылган күнөөнү мойнуна албай келет. Анын жакындары болсо буга чейин да нааразычылыкка чыгып, Мамажакыповдун өлүмүнө прокурорлордун тиешеси бар болгонун, тергөөчүлөр кылмышты Калыковго оодарууга аракеттенип жатканын айтып келишет.

Маркумдун жакындары да тергөөгө нааразычылык билдирип, окуя болгон күнү Мамажакыпов менен чогуу жүргөн башка прокурорлорду да текшерүүнү талап кылышкан.