«Апама сөз кайтардың». Баткендин тургуну аялын сабоого шектелүүдө

Баткен районунун Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну Каныкей Төрөбек кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан облустук ооруканага жатып чыкты. Жабырлануучу «Турмуш» басылмасына берген интервьюсунда, жолдошу 14-январда «апама сөз кайтардың» деп сабап үйдөн кууп чыкканын билдирген. Мындан улам башы кыймылдап токтобой, бели ооруп, бир колун көтөрө албай калганын айткан.

«2019-жылдын октябрынан баштап ура баштады. Жолдошумдун досу “Москвадан келиптирсиң” деп үйүбүзгө келген. Мен ал досун тааныбайт элем. Аны кошуна окшойт деп ойлогом. Кийин жолдошум “сен менин досум үйүмө келсе тамак жасабадың” деп ура баштады. Кайын энем тамак бышыруу үчүн азык-түлүктөрдү өлчөп берет. Кээде жашырып коет. 14-январь күнү кечки тамакты ичип бүткөндөн кийин жолдошум ошол досума тамак жасап бербедиң деген сөздү козгоп, мен кайын энеме “сиз айтып койбоптурсуз” дегеним үчүн «апама сөз кайтардың» деп сабап, көчөгө кууп чыкты. Кайын энем артымдан бут кийимимди ыргытып, үйгө кирип кетти», — дейт ал.

Төрөбек кызы бул тууралуу апасына кабар берген эмес. Анын айтымында, мындай учурда жакындары «Турмуш ушундай болот. Кайын журтуң менен тил табыш» деп кайра жолдошунукуна алып барып коюшчу.

Жабырлануучу үйдөн чыгып кеткен күнү кайын энеси апасына чалып кызы кетип калганын айтат. Бирок апасы түнкү саат экиге чейин күтсө да кызы үйүнө келбейт. Эртеси күнү барып милицияга арыз жазып кызын таап берүүнү суранат.

Кыздын айтымында, ал көчөдө бара жатканда бейтаныш аял жардам берип үйүнө алып барып бир нече күн карап, андан кийин ооруканага жеткирген. Ошондо гана апасына телефон чалып жагдайды түшүндүрө алган.

Ошондой эле жабырлануучу облустук ооруканада ага «тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына жана аны ооруканадан чыгышын талап кылып жатышканына» даттанган.

Баткен облусунун ооруканасынын башкы дарыгери Азизбек Жунусов «Клоопко» Төрөбек кызы 21-январда ооруканага жаткырылганын тастыктады. Анын айтымында, 28-январда жабырлануучу ооруканадан чыгарылган жана ал бардык медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн.

«Медицина борбору “баш мээси чайкалган” деген диагноз менен ооруканага жөнөтүшкөн. Оорукананын невропатолог, травматолог жана окулист дарыгерлеринин текшерүүсүнөн кийин коюлган диагноз тастыкталган жок. Ал эми мойнунун шылкылдаганы неврология жактан болушу мүмкүн. Невропатолог көргөндө невроздон деп диагноз койду. Узак убакка созулган стресттен, кыжаалатчылыктан невроз болот», — деди Жунусов.

«Азаттык» басылмасы жабырлануучунун күйөөсү 24-январда аялына зомбулук көрсөтпөгөнүн айткан. «Мен ага кол көтөргөн эмесмин. Ал күнү жакын досум келгени чын. Мен аялыма кол көтөрсөм ата-энесинен кечирим сурамакмын. Ал үйдөн буюмдарын алып качып чыгып кетти. Анын тирүү табылганына сүйүнүп турам. Мени милицияга чакырышты. Барып болгонун айтып бердим. Мен аялыма кол көтөргөн эмесмин», — деген ал.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова «Клоопко» билдиргендей, аталган факт Кылымыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине «Денеге атайын залал келтирүү» беренеси менен каттоого алынып, тергөө амалдары башталды.

«Апасы кызынын дайынсыз жоголгонун билдирип 16-январда арыз жазган. Арадан эки күн өткөндөн кийин кызы табылып, арызын кайра алды. Ал эми кызы күйөөсү тарабынан сабалганына даттанып 22-январда кайрылды», — деди Юсупова.

Январь айынын биринчи аптасында күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам эки аял каза тапкан. Алардин бири Баткендин, экинчиси Нарын облусунун тургуну. Эки маркумдун тең артында балдары жетим калды. Мындан тышкары 4-январда Караколдо күйөөсү аялына өрт койгон. Андан жабырлануучунун бети-башы жана колу-буту күйүп калган.