Равшан Жээнбеков ТИЗО-1де кыйноо болуп атканын айтып чыкты

Парламенттин экс-депутаты жана оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 29-январда Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборуна жана ЖАМКтын төрагасы Мелис Турганбаевге кайрылды.

Ал билдиргендей, 28-январда ЖАМКтын жана ТИЗО-1дин кызматкерлери «өзүн тааныштыруудан баш тарткан подполковник баш болуп» «кыйноолорго чейин жеткен укук бузушкан».

Анын айтымында, уктоо үчүн бөлүнгөн убакта 7-8 кызматкер №307 камерада тинтүү иш-чараларын жүргүзө башташкан — алар камактагылардын жеке буюмдарын, кийимдерин жана тамак-аштарын жерге чачып, ошол эле маалда аларга орой мамиле кылышкан.

«Алар өздөрүн ашкере агрессивдүү, орой алып жүрүштү. [...] Менин өзүн тааныштыруусун сураган талабыман подполковник орой түрдө баш тартты. Тинтүү эки сааттай созулду, андан кийин 3 саат (саат түнкү 3кө чейин) камераны иретке келтирүүбүзгө туура келди», — деп жазган Жээнбеков кайрылуусунда.

Ал аны менен кошо отурган абактагылардын бирөөсү эстен танып, полго башы менен кулап түшкөнүн жана экинчисинин кан басымы көтөрүлүп кеткенин маалымдады. Аларга медициналык жардам көрсөтүүгө туура келип, андыктан түнкү саат 3төн кийин гана уктаганы барышкан.

«Мен эрте мененки саат 8:00гө ИИМге иш-чарага баруум керек болгондуктан, түнкү кыйноолор кылмыш ишинин материалдары менен сапаттуу таанышууга тоскоол болду. Мага карата кысымдар “өйдө жактан” уюшулуп жатканы тууралуу ТИЗО кызматкерлеринен көп уккандыгыма байланыштуу, жооп берүүңүздөрдү өтүнөм – бул саясий туткун жана оппозициялык саясатчы катары мага карата атайын уюшулган кыйноо эмеспи?» — деп жазган ал.

Мындан тышкары, Равшан Жээнбеков камерада бирге отурган адамдарды «ЖАМКтын системасына тиешеси жок врачтардын катышуусунда» кайрадан медкароодон өткөрүүнү суранды.

Жээнбековдун кармалышы

Мурдагы депутат жана оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 12-декабрында кармалган. 16-декабрда Биринчи май райондук соту аны ТИЗО-1ге киргизген.

«Бул саясий атаандаштарды отургузуу, бирок мындан Кыргызстандагы көйгөйлөр чечилбейт. Жакырчылык көйгөйү, адилетсиздик көйгөйү, эркин медиаларга басым кылуу көйгөйү, саясий атаандаштарга басым жасоо көйгөйү — мындан көйгөйлөр чечилбейт», — деп камалышына комментарий берген экс-депутат.

Жээнбековдун кармалышы 2019-жылдын август айында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу менен байланыштуу. Ошондо бийлик Атамбаевге коррупция боюнча айып таккан эле. Ал эми мурдагы президент спецназдын колуна дароо түшүп бергенден баш тартып, эки күн бою Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен бирге коргонгон.

Ошол кагылыштын жүрүшүндө бир спецназчы каза таап, дагы алтоосу Атамбаевдин үйүнүн ичинде куралсыздандырылган. Бийликтин айтымында, аларды Атамбаевдин тарапташтары барымтага алышкан.

Штурм жана кагылыш бүтөөр-бүткүчө Равшан Жээнбеков экс-президенттин үйүнүн жанында Атамбаевдин тарапкерлери менен болгон.

Жээнбеков «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу» жана «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу» беренелери боюнча «сотко чейинки өндүрүштүн алкагында» кармалган.

Ал буга чейин штурм тууралуу иш боюнча беш жолу суракка чакырылган эле. Мурдараак ал адамдарды барымтага алууга тиешеси жоктугун айтып, өзүн күнөөлүү эмес деп эсептээрин билдирген.