«Сандырак» — «Чек арасыз репортёрлор» Матраимовдордун ЖМКларга каршы доосун ушинтип атады

«Чек арасыз репортёрлор» укук коргоочу эл аралык уюму сотту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөнү чыгарган «Клооп», «Азаттык» жана журналист Али Токтакуновго каршы койгон доосун четке кагууга чакырды. Уюм бул доону «сандырак» деп атады.

ЖМКларга каршы миллиондогон доону бажы башчысынын мурдагы орун басары, Райымбек Матраимов, анын агасы жана парламенттин депутаты ИСкендер Матраимов, алардын жубайлары Уулкан Тургунова менен Минавар Жумаева, ошондой эле алардын дагы бир иниси Руслан Матраимов жетектеген алардын атасынын фонду берген. ЖМКларды сотко берүүгө Райымбек Матраимов жана анын аялы фигурант болгон бажыдагы коррупция жана аткезчилик жөнүндө журналисттик иликтөө себеп болгон.

«“Азаттык” жана “Клооптун” журналисттерине коомдук кызыкчылыкка жооп берген жана жалпысынан Кыргызстандын жарандык коомун стумилдаштырган журналисттик иликтөөсүнө байланыштуу доо коюлуп жатканы сандырак», — деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жанна Кавелье.

Уюм Кыргызстандын бийлигин окуянын үстүндө иштеп аткан журналисттердин коопсуздугун кепилдеш үчүн «бардык керектүүлөрдү жасаоого» чакырды.

«Соңку үч айдын чабуулдары Кыргызстандагы пресса эркиндигине олуттуу зыян тийгизди», — деп айтылат кайрылууда.