Сузакта чарчап калган наристенин өлүмүнө жеңеси шектелүүдө

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 27-январда 2 жашар бала чарчап калды. Анын денесин кароо учурунда көк-ала тактар табылган. Баланын өлүмүнө аны карап жүргөн жеңеси шектелүүдө.

«Баланы караган жеңеси суралууда. Жеңесинин колунда бөбөгү жана кичинекей балдар бар болгондугуна байланыштуу баш коргоо чарасы каралууда. [...] Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Денеге оор залал келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Каза болгон баланын атасы Орусияда эмгек миграцияда жүргөнү, ал эми апасы 2019-жылы каза болгондугу аныкталды.

Өткөн жылы май айында ушул эле Сузак районунда 2 жашар кыз чарчап калган. Анын өлүмүнө таенеси шектелип, иш сотко өткөн. Бул окуяда да кыздын апасы Москвада иштеп баласын өгөй апасына таштап кеткен эле.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, акыркы беш жылда балдарга карата жасалган зомбулуктун саны өскөн. 2014-жылы 143 учур катталса, 2018-жылы бул көрсөткүч 187ге жеткен. Ал эми 2019-жылдын 9 айында эле зомбулук учурлары 255ти түзгөн. Бул биздин өлкөдө балдарга карата ур-токмок, өлтүрүү, зордуктоо дээрлик күн алыс катталат дегенди түшүндүрөт.

Тема боюнча:

«Чыда». Үй-бүлөдөгү зомбулук балдардын үмүтүн өчүрүп, тагдырын талкалайт