Жалал-Абад: Чарчап калган наристенин таенесине кылмыш иши козголду

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, ооруканада өзүнө келбей чарчап калган наристенин өлүмү боюнча тергөө иштери аяктап сотко өткөрүлдү.

Анын айтымында, эки жашар кыздын өгөй таенесине каршы «Денеге оор залал келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

«Акыркы комиссиондук экспертизанын жыйынтыгы наристе ур-токмокко алынгандыктан чарчап калышы мүмкүн деген корутунду чыгарды. Анын жасаган иш-аракеттери баланын өлүмүнө түздөн-түз алып келген эмес. Чындыгында ал кулап кеткен деген көрсөтмөлөр да бар. Бирок ага чейин наристенин денесинде көк ала бар болгон», — деди Жээнтаев.

Жалал-Абад облустук ооруканасына май айында 2 жашар кыз «оор абалда» келип түшкөн. Дарыгерлер наристенин денесин кароо учурунда көк тактар байкалган. Анын өгөй таенеси болсо «бир-эки жолу урганын» мойнуна алган. Эки жумадан кийин кыз өзүнө келбей ооруканада чарчап калган.

Кыздын ата-энеси ажырашып кеткен. Апасы болсо Орусияга эмгек миграциясына кетип, кызы чарчап калганына бир жумадай калганда Кыргызстанга кайтып келген. Андан кийин милицияга наристенин өлүмүнүн себебин аныктап берүү талабы менен арыз жазган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Оштогу ооруканага денеси муздап калган абалда эки жашар наристе жеткирилген. Анын өлүмүнө шектүү катары 30 жаштагы жеңеси кармалып, ал бала шымына сийип койгону үчүн анча-мынча чымчыганын айткан. Аялга карата «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.