Мирлан Жээнчороев: «Ошол 70 млн долларга жакын каражат Кыргызстандын акчасы болуп эсептелет»

Жогорку Кеңештин парламенттик комиссиясы 31-январда ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти карады. Анда «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандан сыртка чыгарылган 932 млн доллардын ичинен 70 млн доллары бюджетке салык катары түшүшү керек болгонун билдирди.

«Түз айтышыбыз керек, бул каражаттардын бюджетке тиешеси бар да. Бүгүнкү күндө Каржы полициясы, Башкы прокуратура 5 млн сомдон ашуун салык төлөнгөн эмес, буга ушунча акча каражаттары чыгып кеткени себеп болгон дейт. Ошондо 932 млн доллардын ичинде салыктар да бар деп белгилеп атат. Ошондо 70 млн долларга жакын каражат Кыргызстандын акчасы болуп эсептелет. Ошол үчүн биз ачык айкын айтышыбыз керек. Бул каражаттын бюджетке тиешеси бар деп эсептеймин. Мындайча айтканда 932 млн доллар сыртка которулуп жатканда 5 млрд сомдон ашуун салык да которулуп кетиши ыктымал. Демек, бюджеттен бул акча чыгып кетти дегенди билдирет», — деп айтты Жээнчороев.

Өткөн жылдын ноябрында финполдун башчысы Бакир Таиров уйгур тектүү кытайлык бизнесмен Айэркен Саймаити 932 миллион 736 миң долларды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кеткенин билдирген. Бул каражаттар банктык которуулар аркылуу бир катар чет өлкөлөргө чыгарылган.

Айэркен Саймаити — өзүн акча адалдоо боюнча адис деп атаган. Ал журналисттерге акча адалдоонун схемасын, анын артында кимдер тураарын, бажыдагы аткезчилик тууралуу маалымат берип, айрым акча которуулар боюнча документтерди да берген. Ал берген документтер «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин кыргыз бажысындагы коррупция тууралуу журналисттик иликтөөсүнө негиз болгон. Саймаитини өткөн жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында атып кетишкен.

Депутаттык комиссиянын жыйынында тартылган түз эфир