УКМК Матраимовдордун Дубайдагы мүлкүн текшерип жатат

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен анын үй-бүлөсүнүн кирешесине дал келбеген Дубайдагы мүлкүн текшерип жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу 31-январда өткөн депутаттык комиссиянын отурумунда ведомствонун өкүлү Сагынбек Самидини уулу маалымдады.

Анын айтымында, УКМК Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик органдарына расмий сурам кат жөнөткөн.

«Биз интернеттеги маалыматка таяна албайбыз, ошондуктан БАЭнин мамлекеттик органдарына кайрылдык», — деп билдирди Сагынбек Самидин уулу.

Бажы системасындагы коррупция жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөө өткөн жылдын 21-ноябрында чыккан. Райымбек Матраимов менен анын жубайы — материалдагы негизги фигуранттардын бири. Журналисттер Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүндө Дубайда кирешесине шайкеш келбеген мүлкү бар экенидиге далилдерди келтиришкен.

Журналисттер аныктап чыгышкандай, Матраимовдун жубайы Дубайдагы тездик менен өнүгүп жаткан райондордун бириндеги көп функционалдуу беш кабаттуу имараттын курулушуна инвестиция кылган. Беш кабаттуу имараттан тышкары, Уулкан Тургунова имарат жайгашкан жер тилкесин да сатып алган. Мындан тышкары, ал Дубайдагы дагы бир жер тилкесине жана батирге ээлик кылат. Колго тийген документтерге ылайык, Тургунова бул мүлктү 2015 жана 2017-жылы кеминде 12,5 миллион долларга сатып алган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 26-ноябрында эле бажыдагы «мурдагы жана учурдагы кызмат адамдарынын материалдарда чагылдырылган коррупциялык иш-аракеттерин» иликтөөнү тапшырган.

Журналисттик иликтөөдөгү маалыматчы Айэркен Саймаити өлкөдөн акчаларды чыгарып турган жана ал Матраимовду бажы тармагындагы аткезчилердин параларын бөлүштүрүүчү деп атаган.

ТЕМА БОЮНЧА: