ОшМУнун окутуучулары окуу жайдын жанына 12 кабаттуу үйдүн салынышына нааразы болушууда

Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө жайгашкан ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин имаратынын жанына «ЭрКА» курулуш компаниясы 12 кабаттуу турак жай салып жатат. Факультеттин деканы Мирлан Убайдуллаевдин айтымында, компания «курулуш эрежелерин сактабай» жатат.

Убайдуллаев билдиргендей, курулуш окуу жайдан 6 метр алыстыкта жүрүп жатат. Бирок коопсуздук эрежелерге ылайык имараттардын ортосунда кеминде 10 метр аралык болушу керек, себеби өрт чыккан учурда башка имаратка өтүп кетүү коркунучу бар.

«Курулуш иштери боюнча биз ОшМУнун ректоруна айтканбыз. Бул боюнча декабрь айында тийиштүү жерлерге кайрылдык эле, бирок эч кандай жылыш болбогондуктан бүгүн телеканалдарга билдиргенбиз. Бүгүн алар [журналисттер] келип интервью алгандан кийин, [курулуш компаниянын өкүлдөрү] бизге документтерин тастыктап жатышканын айтты», — деди Убайдуллаев.

Убайдуллаевдин пикиринде котлован казуунун эрежелери да сакталган эмес. Жаз келгенде жер нымдашып, факультеттин имараты бир тарапка ооп кетүү коркунучу бар деп эсептейт декан.

Курулуш өткөн жылдын август айында башталган. Курулуштун котлованы казылып бүтүп, фундаменти куюлган.

Ош шаардык экотехинспециясынын башкы инспектору Курманбек Осмонкулов «ЭрКА» компаниясы мекемеге документтерин толук тапшырбагандыгына байланыштуу курулуш иштери убактылуу токтотулганын айтты.

«Курулуш иштери токтотулган, бирок документтерин алган, долбоору бар. Учурда бизге тиешелүү документтерди толук тапшырыла элек. Ошон үчүн биз токтотуп турдук. [...] Архитектурадан курулсун деп документ берилгенден кийин курула берет», — деди Осмонкулов.

Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Ырысбек Токоев бул курулуш Ош шаарынын башкы планына ылайык келгенин маалымдады.

«“ЭрКА” курулуш компаниясы куруп жаткан имарат шаар куруу кеңешине коюлуп, ал жерден 8 талап менен өтүп, уруксат иш кагаздары берилген. Кечээ жакында эле долбоорду макулдашып бердик. Жалпысынан мыйзамдуу десек болот» — деди Токоев

Курулуш компаниянын жетекчиси Азамат Эргешбаев «Клоопко» көп кабаттуу үй мыйзамдуу түрдө курулуп жатканын жана архитектурадан да бардык тиешелүү документтер алынганын билдирди.