Баткен шаарындагы социалдык шаарчага таза суу чыгарылды

Баткендеги социалдык шаарча. Сүрөт: Медербек Ниязалиев / "Азаттык" 

Баткен шаарындагы социалдык шаарчанын тургундарына таза суу берилди. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Акрамали Акматов билдирди.

«Социалдык шаарчага үч чакырым жерден таза суу тартылды. Азыркы учурда таза суу үйлөргө киргизилип жатат. Ошону менен бирге ФАП да пайдаланууга берилди. Жакынкы күндөрү бала бакча пайдаланууга берилет», — деди Акматов.

Буга чейин социалдык шаарчанын тургундары турак жайга таза суу келбей жатканын, суунун жоктугунан канализация да иштебей, ФАП жана бала бакча ишке берилбей атканына даттанышкан.

Баткендеги «Али Аль-Ганим» жана «Фаиза Аль-Харафи» атындагы социалдык шаарча Кувейт өлкөсүнүн «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан курулган. Турак жайлар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген.