Муфтият бозо ичүүгө тыюу салды, бирок фатва чыгарган жок

Социалдык тармактардын айрым колдонуучуларын «муфтият бозо ичүүгө тыюу салат» деген маалымат нааразычылыгын жаратты. Алар бозонун сүрөттөрүн жарыялап, анын пайдалуу касиеттери тууралуу пикирлерин жазып, анын жасалышына да токтолушту.

Билбегендерге... билип жүрүшсүн!Бозо — таруунун, жүгөрүнүн, арпанын, сулунун шагынан даярдалуучу ичимдик. Бозо салууда...

Posted by Аттокур Жапанов on Monday, February 3, 2020
Аттокур Жапанов

Бозо буудайдын тандамал сортторунан, сулу үлпүлдөктөрүнөн жана угуттан жасалган кыргыздардын салттуу суусундугу. Эл арасында ал ден соолукту чыңдап, сергитип жана жалпы организмге кубат берүүчү касиеттерге ээ деп айтылат. Мындан тышкары кандагы гемоглобиндин деңгээлин көтөрөт жана иммунитетти бекемдейт дешет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгыны мусулмандарга бозо ичкени тыюу салаарын мекеменин басма сөз катчысы Максат Атабаев «Клоопко» тастыктады.

«Бозо боюнча тыюу салынган. [Бирок] фатва чыккан эмес, бул жалган маалымат. [...] Тыюу салганыбыздын себеби [бозо] мас кылгандыгы үчүн», — деди Атабаев.

*Фатва — Ислам динине байланыштуу суроолорго жооп түрүндөгү өкүм. Фатваны муфтият же диний аалымдар чыгыра алышат. Фатва шарияттык, башкача айтканда мусулмандарга, милдет болуп эсептелет. Аны аткарбагандар Кыргызстандын мыйзамдарынын алдында эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.