Каржы министрлиги Матраимовдун өтүнүчү боюнча Кара-Суу районунун дотациясын кыскартты

Каржы министрлигинен маалымдашкандай, Ош облусунун Кара-Суу районундагы төрт айыл мындан ары мамлекеттик бюджеттен дотация албайт. Буга чейин депутат Искендер Матраимов район «ийгиликтерге жетишип жаткандыктан», районду жарым-жартылай өзүн-өзү каржылоого өткөрүүнү өтүнгөн.

Ведомстводон билдиришкендей, жалпысынан төрт айыл мамлекеттик каржылоодон чыгарылат: Кашкар-Кыштак, Нариман, Шарк жана Кызыл-Кыштак айылдары.

«Каржы министрлиги Кара-Суу районунун администрация башчысы Тилек Матраимовдун ушул айылдарды дотациядан чыгаруу боюнча сунушун канааттандыраарлык менен кабыл алды. Айыл аймактары теңдештирүүчү трансферттерди алып жаткан өз алдынча башкаруу органдардын тизмегинен чыгарылат», — деп билдиришти ведомстводон.

Кара-Суу районун сегиз жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун бир тууган иниси Тилек Матраимов жетектеп келет.

2020-жылга карата бюджеттин долбооруна ылайык, райондор арасында теңдештирүүчү трансферттердин эң чоң суммасын республикалык бюджеттен тек гана Кара-Суу району алат — 156,5 миллион сом.

Теңдештирүүчү трансферттер — бул жергиликтүү бюджеттердин муктаждыктары менен кирешесинин ортосундагы айырманы жабуу үчүн мамбюджеттен берилген акча.

Кара-Суу районуна бөлүнө турган сумма Ысык-Көл (дээрлик 112 млн) жана Талас (дээрлик 122 млн сом) облустарына берилүүчү дотациядан көп.

Каржы министрлигинин божомолу боюнча, кийинки эки жылда Кара-Суу районуна трансферттер 2019-жылга салыштырмалуу көбөйөт.