Жалал-Абадга иштегени келген кытайлык жумушчулардан коронавирус аныкталган жок

Кытайдан Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы «Макмал Голд Компани» компаниясына 31-январда иштегени келген сегиз кытайлык жумушчудан коронавирустун белгилери аныкталган жок. Бирок алар үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Клоопко» кытай жумушчулары «Ак жол» көзөмөл пунктунан өтүп келишкенин кабарлады.

«Бизге 8 кытай жараны текшерилүүгө келген. Коронавирустун белгилери аныкталган жок. Эреже боюнча үч күндөн кийин белгилер билинбесе үйгө чыгаруу керек. Азыр алар үй шартында дарыгердин көзөмөлүндө. Негизи булар Бишкекке келбей эле, Тогуз-Тородо карантинде болгусу келген. Бирок жашоочулар каршы болушкан», — деп түшүндүрдү Айгерчинова.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Байгазы Раимкуловдун айтымында, Кытайдын сегиз жаранын борбор калаада текшертүү чечимин ишкананын жетекчилиги кабыл алган.

«Мен аким менен сүйлөштүм. Жергиликтүү бийлик тарабынын же район тарабынан кытай жарандарын Бишкекке кетириш керек деген сөз болбоптур», — деди Раимкулов.

«Макмал Голд Компани» ишканасы «Кыргызалтын» ААКнын туунду компаниясы болуп эсептелет. Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунда жайгашкан Макмал алтын кенин иштетип жатат. Ал компаниянын мурдагы аты «Макмал алтын» болгон.

2018-жылдын 1-сентябрында кендин байлыгы азайгандыктан улам «Макмал алтын» ишмердүүлүгү токтотулуп, компаниянын көптөгөн кызматкерлерин иштен бошоткон. Кенди реабилитациялоо үчүн конкурс жарыяланып, аны 75 миллион долларга «Мансон Групп» кытай компаниясы утуп алган.

«Мансон Групп» ЖЧКсы «Макмал алтын» компаниясы менен чогуу «Макмал Голд Компани» биргелешкен компаниясын түзүп, кенди кайрадан өндүрүүнү баштаган. Учурда компанияда 312 кызматкер иштеп келет — алардын ичинен 283ү жергиликтүү тургундар.