Оштун милициясы 100 килограммдан ашуун баңгизат сатмакчы болгон кишини кармады

Турак жайдан табылган бангизаттар. Сүрөт: Ош ШИИБ

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылынан 6-февралда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 42 жаштагы тургун кармалды. Бул туралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Ош шаарында баңгизат менен эки жаран кармалган. Алар сурак берип жатканда, [баңгизаттарды] Токтогул районунан алгандыгын айтышкан. Ошол маалымат менен шектүүнү кармаганбыз», — деди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов.

Шектүү кармалгандан кийин баңгизаттарды бекиткен үйдү көрсөткөн. Турак жайды кароо учурунда салмагы 101 килограммдан ашуун болгон марихуана табылган. Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө баңгизатты Токтогул районунда сатуу максатында чогулканын айткан.

Шектүүгө карата «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» жана «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.

Ал Ош шаарына алынып келинип 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

2019-жылдын сентябрында аталган райондон маңзат менен АКШнын эки жараны кармалган. Алардын бирөөсү сурак учурунда маңзат ага тиешелүү экенин билдиргенден кийин, экинчиси коё берилген. Тергөө учурунда кармалгандар Аксы районундагы мектептердин биринде 2017-жылдан бери англис тилин ыктыярдуу түрдө үйрөтүп жүргөнү аныкталган.