Баткенде милиционер жарым тоннага жакын прекурсор менен колго түштү

Баткен жана Ош милициясы биргеликте 7-февраль күнү Баткен облусунун Кадамжай районунда «Шевроле-Каптива» үлгүсүндөгү унаада 425 килограмм прекурсор мыйзамсыз ташып бараткан эки кишини кармады — алардын бирөөсү 34 жаштагы Ош ШИИБинин кызматкери болуп чыкты.

Автоунааны тинтүү учурунда 17 даана желим бөтөлкөлөрдө 425 килограммдык химиялык суюктук табылган. Кармалгандар Ош шаарынын тургундары, алар Кадамжай райондук ИИБиге жеткирилди.

Ал эми белгисиз суюктуктун курамын жана аны эмне үчүн пайдаланууга болоорун аныктоо үчүн соттук-химиялык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Мындан тышкары укук коргоо органдары прекурсор кайдан алынганын да териштирип жатышат.

Буга чейин Оштун милициясы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 100 киллограмдан ашуун марихуана менен 42 жаштагы жергиликтүү тургунду кармаган. Ал баңгизатты райондун аймагында сатмакчы болгон.

*Прекурсор — баңги жана психотроптук заттарды өндүрүүдө, даярдоодо жана кайра иштетүүдө колдонулуучу, эл аралык конвенцияларда химиялык материалдар катары жиктештирилген заттар жана алардын туздары.