Түрк бийлиги Саймаитини өлтүрүү боюнча ишти жашырын кылды

Жогорку Кеңеште 11-февралда 2019-жылдын ноябрь айынын башында Стамбулдун кафелеринин биринде киши колдуу болгон ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйында Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын прокурору Кумарбек Байдылдаев бизнесменди өлтүрүү боюнча иш «өзгөчө оор» категориясына кирээрин жана бул иш боюнча иликтөө «жашырын» белгиси менен жүрүп атканын кабарлады.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири, депутат Өмүрбек Бакиров, прокурордон Саймаитини өлтүрүү анын Кыргызстандагы иши менен байланышы бар жогун сурады.

«Маалымат каражаттары жазып өткөндөй, 5 адам кармалган, анын экөөсүнөн кыргыз паспорттору табылган. Силерде маалыматтар барбы?» — деп суроо узатты депутат.

Байдылдаев түрк бийлигине «эл аралык тапшырма» берилген деп жооп берди. Анын айтымында, азырынча шектүүлөрдүн кыргыз жарандыгын тастыктаган документтер жок.

«Эгер далилдер болсо, анда биз текшерип, юридикалык баа беребиз. Бирок Түркия тараптан бул Кыргызстандын жарандары деген маалымат жок, түрк тарап документ берген жок. Саймаитинин Түркияда киши колдуу болушу оор кылмыштар категориясына киргизилгендиктен, иликтөө жашыруун белгиси менен жүрүп атат, ошондуктан тергөө сырына байланыштуу эч нерсе айта албайм», — деди прокурор.

Саймаитини өлтүрүү

Айэркен Саймаити Стамбулдун отелдеринин бириндеги кафеде 10-ноябрда киши колдуу болгон. Түркия ЖМКларынын маалыматы боюнча, Саймаити кафеде отурганда ага бир эркек киши басып келип, үн басаңдаткычы бар тапанча менен башына ок аткан.

Саймаитинин өлүмү тууралуу иш боюнча төрт адам кармалып, шектүүлөр изин жашырып качып кеткен машина менен курал табылган. Саймаитинин өмүрү 1000 долларга бааланган деп маалымдалууда — жан алгычтарга ушундай сумма төлөнгөн делген.

Кийинчерээк, 21-ноябрда, Жогорку Кеңеште ишкердин өлтүрүлүшүн изилдөө боюнча депкомиссия түзүлгөн. Ага ар башка фракциялардан он депутат кирген.

Кыргызстанда Саймаитини таасирдүү делген Матраимовдор кланы менен байланыштырышат. «Клооп» жана «Азаттык» Саймаити Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарып кеткенин мойнуна алган иликтөө чыгарышкан.

Акчалардын көп бөлүгү 55 жаштагы кытайлык бизнесмен Хабибула Абдукадырга жөнөтүлүп турган. Ал декларацияланбаган жана туура эмес жол-жоболоштурулган миллиондогон долларлык товарларды Кытайдан Кыргызстанга жана андан ары коңшу өлкөлөрдүн базарларына жеткирип турган.

Саймаитинин айтымында, Абдукадырга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жардам берип турган — ал аркылуу бир катар мамкызматкерлерди сатып алуу жүргүзүлгөн.