Кой-Таш окуясында адам өлтүрүүгө шектүү кыйноого кабылганын айтып чыкты

«Альфанын» спецназчысы Үсөнбек Ниязбековду өлтүрүүгө шектелген Рыспек Карыпбек уулу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулаймановго жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жазды.

Карыпбек уулу кайрылуусунда билдиргендей, аны өткөн жылдын 10-августунда ИИМдин башкы башкармалыгынын кызматкери Эмирлан Султаналиев кармап кеткен. Анын айтымында, милиционер аны сабап, видео камерага аскердин өлүмүн мойнуна алууга мажбурлаган.

«Ошол эле күнү Эмиркан Султаналиев ИИМдин имаратынын ичинде мени уруп-сабап, коркутуп өмүр баянымды сүйлөтүп, уюлдук телефонунун камерасына жаздырып алды», — деп билдирди ал.

Карыпбек уулу бир нече күндөн кийин бул видео социалдык тармактарга жайылып кеткенин жана бүгүнкү күнгө чейин Youtubeда жайгаштырылып турганын билдирди.

«Эгер Султаналиев Эмирландын ушул иш-аракети, башкача айтканда, мени мыйзамсыз видеого тартып, жалган жалаа менен коомчулукка адам өлтүргүч катары көрсөткөнү мыйзамсыз болсо, анда буга укуктук баа берип, аталган кызматкерди мыйзам талаптарына ылайык жоопкерчиликке тартууга жардам берүүңүздөрдү суранам», — деп жазган ал кайрылуусунда.

Материал жарык көрөөр алдында Акыйкатчыдан жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон комментарий алууга жасаган аракетибизден майнап чыккан жок.

Ниязбековдун өлүмү

УКМКнын атайын «Альфа» спецназдар бөлүгүнүн жетекчи орун басары Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуунун биринчи күнүндө, тагыраагы 7-августта түндө каза тапкан.

ИИМ 14-августта Ниязбековду өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирген. Кийинчерээк, шектүүнүн аялы Кой-Таш окуясын териштирүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

УКМКнын версиясына таянсак, спецназчыны снайпердик куралдан атышкан. Аны бронежилет да сактап калган эмес.

Президент 6-сентябрда маркум Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» орденин тапшырган. Ниязбековдун артында алты баласы жана жубайы калды.