Жалал-Абадда уруксаты жок башталган медресенин курулушу токтотулду

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Таштак айылындагы кыздар медресесинин курулушу тиешелүү документтердин жоктугуна байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул боюнча «Клooпкo» Мамэкотехинспекциянын Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча башчысы Бекжан Cултанказиев билдирди.

«Экотехинспекция тарабынан 10-февралда эскертүү кагазы берилди. Учурда ал жерде фундамент куюлуптур, бирок азырынча фундаменттен медресе курулабы же башкабы аныктоо мүмкүн эмес. Эгер медресе курула турган болсо, анда эреже боюнча алгач жердин багытын өзгөртүү керек. Себеби бул жер жеке турак-жай куруу үчүн деп алынган. Эгерде архитектурадан, ӨКМден, Айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынан тийиштүү документтерди толук алса, курулуш иштерин баштаса болот», — деди Султанказиев.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев «Клоопко» аталган жер тилкеге кыздар үчүн медресе курулуп жатканы тууралуу муфтияттын буга чейин маалыматы болбогонун билдирди. Анын айтымында, облустук казыяттын алдындагы кыз-келиндер борборунда сабак берген Гүлсара Каримова курулушту өз алдынча баштаган.

«Ал жерге Гүлсара Каримова өзүнүн менчик жерине өз алдынча демөөрчүлөрдү таап, медресе кура баштаган. Кийин медресе курууга тиешелүү кагаздар жоктугуна байланыштуу токтотулду. Негизи медресе курула турган болсо, алгач тийиштүү документтерди бүтүрүп, анан жер тилкесин казыяттын балансына өткөрүп бериш керек», — деди Атабаев.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Таштак айылында 80 орундуу кыздар медресесинин курулушу башталган. Ал үчүн Каримова өзүнүн 6 сотых жер тилкесин берген. Диний окуу жайды курууга араб демөөрчүлөрү 23 млн сомдой каражат бөлүшкөндүгү маалымдалган.