Нарында медкызматкерлерден чайга деп 200 сомдон чогултулган — Аида Исмаилова

Депутат Аида Исмаилова 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Нарын облусунда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө чай берүү үчүн медкызматкерлерден 200 сомдон чогултулганын айтып чыкты.

Эл өкүлү «Клоопко» кабарлагандай, бул тууралуу ага Нарын облусунун Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун үч кызматкери айткан. Депутат бул көрүнүш адатка айланып калганын жана буга терс көз карашта экенин кошумчалады.

«Медик, педагог, социалдык кызматкерлердин айлыгы жарытаарлык эмес, колдоо көрсөтүүнүн ордуна акыркы акчаларын тартып алып жатабыз. Балким жетекчилери 200 сом эмне болмок эле деп чогулткандыр, бирок мен атап кеткен кызматтын ээлерине бул аябай эле чоң каражат болуп эсептелинет», — деп нааразы болду Исмаилова. Ал мындан ары мындай көрүнүштөрдү укук коргоо органдары көзөмөлгө алышы керектигин билдирди.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова депутат кайсыл жетекчилер тууралуу айтып жатканын билбестигин жана бул боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын айтты.

«Биз дагы жообун кутуп отурабыз. Маалымат алаарыбыз менен билдиребиз. Акыркы мезгилдерде ал жакка эч ким барган эмес. Кайсыл комиссия тууралуу айтып жатат мен билбейм. Командировка болсо бизге дароо билиниши керек эле. Нарын облусу боюнча координатордун жообун күтүп туралы. Учурда координатор кеңешме өткөрүп жатат», — деди басма сөз катчы.

Соңку убактарда депутат медкызматкерлерди коргоо демилгелерин көтөрүп келет. Мисалы, ал врачтарга кол салуу үчүн 60 миңден 80 миң сомго чейин штраф салууну же алты айдан бир жылга чейин эркиндиктен ажыратуу менен жазалоону сунуштаган.

Исмаилова 2015-жылдан бери «Республика — Ата-Журт» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты. 2020-жылы октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтмөкчү.