Катраң айылдык кеңешинин депутатын сабоого шектелип анын төрагасы кармалды

Сапарали Бөрүбаев, Катраң айылдык кеңешинин төрагасы.

Баткен облусундагы Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев 14-февралда Лейлек РИИБи тарабынан кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Бирок активист Гүлжигит Исаков фейсбук баракчасында Бөрүбаевди «бүгүнкү күндүн баатыры деп атап, аны жогору жаткан түшкөн буйрутма менен камап коюшканын» билдирди.

«Сапарали Бөрүбаевди жергиликтүү кеңештин бир депутатынын жазган токума арызынын негизинде Лейлекте милицияга алып барып камап коюшту», — деп жазган Исаков.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан Бөрүбаевдин кармалышында «саясий боёктор жоктугун», ал 12-февраль күнү Катраң айылдык кеңешинин депутаты Нуридин Дүйшөбаевди сабоого шектелип кармалганын айтышты.

Окуя «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Бөрүбаев өткөн жылдын 14-сентябрында фейсбук аркылуу түз эфирде тажик тарап кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесинде курулуш баштаганын билдирген. Андан тышкары, чек ара маселеси чечилбесе Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклав болуп калышы мүмкүндүгүн айтып чыккан. Бул сөздөрдөн кийин Бөрүбаев Ички иштер министрлигинде 8 саат сурак берген.

Бөрүбаев «Чек ара» коомдук бирикмесин да жетектейт. Аталган уюм январдын ортолорунда Бишкекте эки жолу чек ара маселесине байланыштуу митинг уюштурган. Алардын талаптарынын бири Баткендеги чек ара жаңжалында кармалган төрт тургунду бошотуу жана ошол кездеги вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун отставкага кетирүү болгон.