Саркарбаев спортчунун кайрылуусунун артында бирөөлөрдүн кызыкчылыгы турат деп эсептейт

Спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу 14-февралда президентке фейсбук аркылуу видеокайрылуу жасады. Анда ал Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев аны бутуна тапанча менен атканын тастыктап, «арыз жазба» деп коркутканын айткан.

Саркарбаев «Азаттыкка» Рахманберди уулунун ага карата мындай көрсөтмө берүүсүнүн артында кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жатат деп ойлоорун билдирди. Ошондой ал эле жакын арада бул окуяга байлыштуу маалымат жыйын кураарын кошумчалады.

«Душманчылыктын дагы жигитчилиги болот. Бул убакытка чейин “иним болот” деп унчукпай жүргөм. Дүйшөмбү күнү басма сөз жыйынын өткөрөйүн деп даярданып жатам. Ар ким өзүн коргобосо болбойт экен. Ага-ини деген нерсе жок экен. Мен муну түшүндүм. Мен агалык кылып унчуккан эмесмин. Бирок ар бир нерсенин чеги болот», — деп түшүндүрдү ал.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров эгерде укук коргоо органдары Саркарбаевди бул окуяга байланыштуу шектүү деп аталса анда ал жумуштан четтетилет деп ишендирди.

«Укук коргоо органдары шектүү катары же башка бир тиешеси бар дегенде ошол эле күнү жумуштан алынып, кызматта болмок эмес. Бирок бүгүнкү күндө тартип коргоо органдары Саркарбаевди шектүү деп атай элек», — деди Абсаттаров.

Рахманберди уулунун кайрылуусунан кийин ИИМдин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Анда кайрылуу боюнча текшерүү жүрүп, кайрылуудагы ар бир окуя териштирилүүдө деп жазылган.

Мындан тышкары министрлик спортчу 2018-жылдын 28-декабрында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкек шаарынын жашоочусун денесине жаракат келтирүүгө тиешеси бардыгын маалымдайт. Ошондой эле ИИМ Рахманберди уулу «кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаган деп эсептейт».

«Аламүдүн районунда болгон факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Рахманберди уулу Төлөгөндүн тиешеси бардыгы жөнүндө толук далилдер топтолду. Бул факты видеого түшүп калгангандыгын белгилейбиз. Бул иш боюнча тергөө иштери жүрүүдө», — деп билдиришти министрликтен.