Круиз кемесиндеги кыргызстандык коронавирус жуктурган болушу мүмкүн

Материал 13:20да жаңыртылды.

World of Cruising Жапониянын саламаттык сактоо министрлигине таянып билдиргендей, «Diamond Princess» круиз кемесиндеги коронавирус жуктуруп алган жүргүнчүлөрдүн арасында бир кыргызстандык бар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты ырастап берди.

«КРдин жаранынын абалы канааттандыраарлык, дене табы жок, медикаментоздук дарылоолор жүргүзүлгөн жок. Бейтапка байкоо жүргүзүлүп жатат. Анын маалыматы боюнча, ал өзүн жакшы сезип жатат», — деп билдиришти ТИМден. Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги божомолдогондой, кыргызстандык жаран ооруну жуктуруп алган, анткени ага чейин анын коютадагы кошунасында коронавирус табылган.

Ооруга чалдыккан жаңы 67 адам тууралуу белгилүү болду.

«Жаңы жугузуу учурлардын арасынан 27 адам Жапониядан, 17 Филиппинден, бешөө Австралиядан, бешөө АКШдан, үчөө Канададан, үчөө Кытайдан, экөө Германиядан, бирөө Гонконгдон, бирөө Кыргызстандан, бирөө Индиядан жана дагы бирөө Тайвандан», — деп жазган World of Cruising.

Буга чейин 13-февралда, Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги кемеде коронавирус менен ооругандардын саны 218ге жеткенин маалымдаган. Учурда ооругандардын жалпы саны 454 адамды түзөт, алардын ичинен 14 АКШ жараны эвакуацияланган. Калгандары обочого алынган. Канада, Германия, Түштүк Корея жана Австралиянын өкмөттөрү жарандарын чыгарууга даярдык көрүп жатат.

Башында, кээ бир жүргүнчүлөрдү эвакуациялоого чейин лайнердин бортунда 2666 турист жана экипаждын 1045 мүчөсү болгон. Кеме Жапониянын Йокогама шаарынан 20-январда чыгып кетип, 3-февралда кайра кайтып келген. Жүргүнчүлөрдүн арасында Кытайдын жараны бар болгон — коронивирустун белгилери эң биринчи ошол жарандан табылган.

Оорулууларды медициналык кароодөн өткөрүү үчүн Жапония бийлигинин чечими менен лайнер кемеказыгын Йокогама шаарынын жанында таштап, 19 февралга чейин карантин жарыяланган.