Өкмөттүн Баткендеги жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө эмне белгилүү?

Алишер Абдрахманов

Материал 15:49да жаңыртылды

Алишер Абдрахманов Баткен облусунун Баткен айылында 1962-жылы төрөлгөн. Эмгек жолун 1986-жылы Фрунзе ШИИБинин кайгуул-күзөт кызматында милиционер-айдоочу болуп баштаган. Бул кызматта ал төрт жыл иштеген.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кытчысы Чолпон Бердигулова билдиргендей Абдрахманов 1989-жылы Бишкектеги Педагогикалык институттун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган.

1990-1991-жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармасы взводдун командири, андан кийин 1993-жылга чейин ушул эле башкармада жол-күзөт кызматынын ага инспектору кызматын аркалаган.

Абдрахманов 1993-жылдан 2000-жылга чейин Бишкек ШИИБиде кайгуул-күзөт кызматынын командири болгон. Андан кийин Ош облусундагы Кара-Суу РИИБинин МАИ бөлүмүнүн башчысы кызматына которулган.

Ошол эле убакытта Абдрахманов 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юрист адистигин аяктаган.

2000-жылдан тарта дээрлик 2013-жылга чейин Абдрахманов Ош жана Баткен облустарында Мамлекеттик автоинспекция башкармалыктардын башчысы кызматын ээлеген. Ал эми 2014-жылы ал «Республика» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Бирок 2015-жылы мандатын кайра тапшырган.

Абдрахманов 2016-жылдын 4-августунда ошол убакыттагы премьер-министр, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалган. Ал эми 2018-жылдын 4-декабрында азыркы премьер Мухаммедкалый Абылгазиев аны бул кызматтан бошоткон. Буга эмне себеп болгону белгисиз. Ал эми Абылгазиев аны өкмөттүн Баткендеги өкүлү катары 2020-жылдын 17-февралында дайындалды.

Алишер Абдрахманов тууралуу ЖМКлардан же болбосо онлайн басылмалардан анчейин маалымат таба алган жокпуз. Ал тууралуу басылмалардын көпчүлүгү Баткендин башчысы болуп дайындалды деп жазышканын гана баамдадык.

Мындан тышкары анын бир гана 2016-жылкы декларациясына туш болдук. Анда ал өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп турган. Ошол убакытта Абдрахманов 255 892 сом киреше тапканын көрсөткөн. Ошондой эле 112 чарчы метр турак жайга ээлик кылаары жазылган. Анын декларациясында башка маалыматтар берилген эмес.