Жалгыз бой аял муфтийдин жана бир нече кишинин үстүнөн арызданып президентке кайрылды

Журналист Канышай Мамыркулова 21-февралда президентке Кочкорбек Жуманазаров аттуу кишинин жана муфтий Максат Токтомушевдин үстүнөн арызданган Салима Медерованын кайрылуусун өзүнүн фейсбук баракчасына бөлүштү.

Кайрылууда Медерова бир нече кишинин атын атап акчасын алдырып, алты жылдан бери алданып жүргөндүгүн маалымдаган.

«Урматтуу Сооронбай Шарипович, мен сизге кайрылганымдын себеби, менин укугум тебеленип жатат. Жуманазаров Кочкорбек аттуу жаран менден акчаны алып, 6 жылдан бери же акчадан жок, же үйдөн жок же жерден жок [...] Укугум тебеленип балдарымды окууга алып бара албай, ушунчалык кыйналып жашап жүрөм. Сиз дайыма эле айтасыз элим факт менен сүйлөгүлө деп, мынакей менде факт бар, адамдык факттар бар, видео тасмалар, тастыктоочу смс каттар бар. [...] Каныбек Туманбаев, Кочкорбек Жуманазаров, Максат муфтий жана Нургүл, Таалай деген жарандардын азабынан мен ушул кордукту көрүп жүрөм», — деген ал.

Анын айтымында, муфтий «Максат Токтомушев Медерова менен Жуманазаровдун алып-сатуу иштеринде ортомчу» болгон.

«Муфтий “ишен” деди да. “Булар жакшы балдар ишен, бир Аллахга ишен жана мага ишен” деди, мен макул дедим. Муфтий менен сүйлөшкөндөрүм бар. [...] Мен кирдим муфтийдин алдына. Алдына барсам мен кирээрдин алдында Кочкорду өзү чакырып коюптур да, мен ошого аябай таң калдым», — деп маалымдаган Медерова.

Ал эми Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев «Клоопко» «Азирети муфтийдин жер тилкелерин сатып алуу боюнча эч бир тиешеси жок. Аты аталган адамдарды тааныйт» деп гана кыскача жооп берди.

Медерова буга чейин да президентке кайрылганын, бирок тиешелүү тараптар президенттин буйруктарын аткарбай жатканын кошумчалаган.

«Бир кайрылганымда менин маселемди карап, ошол 6 миллиондун ичинен ушул бир мага—жалгыз бой аялга сиз көңүл бурдуңуз. Бирок, ошол сиздин айткан сөзүңүздү, берген тапшырмаңызды аткарбай жатышат. Ички иштер министрлиги, Октябрь райондук ички иштер бөлүмү мени оюнчук кылып алышты», — деп айткан ал кайрылууда.

Материал жарык көрөөр алдында, бул маселе боюнча ИИМден жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.