Бажынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов кармалды — ЖМК

24.kg басылмасы билдиргендей, Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсановду ИИМдин кызматкерлери 22-февралда Орусиядан кармашкан. Ал эми 23-февралда Кимсанов Кыргызстанга алынып келип, Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

«Баш коргоо чарасын тандоого Башкы прокуратуранын өтүнүчү түшкөн. Өтүнүч берүүгө Эмилбек Кимсановдун кароосунда жашы жете элек балдары бардыгы себеп болгон. Ошондой эле анын өздүгү жана жашаган жери аныкталган», — деп билдирген басылманын булагы.

Ошондой эле Кимсанов экстрадиция болбогондугу айтылууда.

«Клооптун» укук коргоо органдарындагы булактары да Кимсанов кармалганын кабарлашты. Бирок ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» аталган маалыматты тастыктап же төгүндөшкөн жок, кийинчерээк тактап берүүнү убадалашты.

Ички иштер министрлиги спортчу Төлөгөн Рахманберди уулун жана Эмилбек Кимсановду 2018-жылдын 28-декабрында Аламүдүн районунун Лебединовка айылында Бишкектин тургуну Автандил Конгантиевди сабоого шектеп, издөөгө жарыяланган.

Автандил Конгантиев — мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу.

Рахманберди уулунун жана Кимсановдун президентке кайрылуусу

Эмилбек Кимсанов өзүнүн фейсбук баракчасында спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун президентке кайрылуусун жарыялаган. Анда Рахманберди уулу Ош мэриясынын Спорт жана дене тарбия комитетинин мурунку башчысы Кылыч Саркарбаев аны «өткөн жылы сентябрда тапанча менен бутка атканын» тастыктаган. Ошондой эле спортчу «Матраимовдордун үй-бүлөсүнөн коркуп жашап калдык, Ошто жашоо кыйын болуп калды» деп билдирген.

Мындан тышкары спортчу Кимсанов менен ага «иш козголуп жана каматабыз деп жатышканын кабарлап, буга байланыштуу чара көрүүнү» суранган. Бирок алар кимдер экенин так айткан эмес.

Ал эми Кылыч Саркарбаев Рахманберди уулунун сөздөрүн четке кагып, «спортчунун кайрылуусунун артында бирөөлөрдүн кызыкчылыгы бар» деген пикирде. Бирок белгилүү бир ысымдарды атаган эмес.

Ал эми Ички иштер министрлиги Рахманберди уулу «кылмыш жоопкерчилигинен бошонуу үчүн жана коомчулукту адаштыруу менен укук коргоо органдарын каралоо максатында видеокайрылуу жасаган» деп эсептейт.

Кийинчерээк президентке Эмилбектин иниси Эмирбек Кимсанов да кайрылган. Анын айтымында агасы Эмилбек бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов тараптан болуп аткан кысымдан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Кимсановдун айтымында, агасы «Матраимовдун коррупциялык схемаларына катышпоо үчүн» 2018-жылы эле «өз калоосу менен» кызматынан кеткен. Бирок январда Матраимов Эмилбекке жаңы жумуш сунуштап, ал баш тартып койгондо коркутуп-үркүтүүлөр болуп, жубайын сабап кетишкен.

Көп өтпөй ИИМ жана Ош ОИИБи видеокайрылуулар боюнча териштирүү башталганын кабарлаган.

Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

Матраимовдор өлкөдө бай жана эң эле таасири күчтүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет. Райымбектин агасы — Искендер Матраимов — парламенттин депутаты. Ал Жогорку Кеңештин Уюшкан кылмыштуулукка жаша коррупцияга каршы комитетинин мүчөсү.

Матраимовдордун дагы бир тууганы — Ислам — көптөн бери финполдо иштеп жүрүп, ал жактан ведомство Матраимовдордун мүлкүн текшере баштагандан кийин кеткен.

Бир тууган Матраимовдордун башка дагы эки иниси — Тилек жана Руслан — Ош облусунда иштешет. Биринчиси бир туугандар туулган Кара-Суу районун башкарат, ал эми экинчиси үй-бүлөлүк «Ысмайыл ата» кайрымдуулук фондун башкарат.