Жунушалиев Рахманберди уулу менен Кимсанов издөөгө жарыяланганын билдирди

Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев спортчу Төлөгөн Рахманберди уулунун айылдаштары менен жолугушту. Буга чейин Алай районунун Арпа-Тектир айылынын тургундары президент Сооронбай Жээнебековго кайрылып Рахманберди уулуна байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну суранган.

Жолугушууда Жунушалиев, спортчу Төлөгөн Рахманберди уулу менен Ош бажысынын мурдагы кызматкери Эмилбек Кимсанов Бишкектин тургуну Автандил Конгантиевди сабоого шектелип жатышканын айтып, аларга издөө салынганын билдирди. Ошондой эле ал мыйзам чегинде катуу жана акыйкат чечимдерди кабыл алынаарын айтты.

Автандил Конгантиев — мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин уулу.

«Эгер алар таза болсо, күнөөбүз жок, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын арыз муңун ачык айтсын. Биз акыйкат тергейбиз жана ким гана болбосун күнөөсү далилдене турган болсо, жазасын тартат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз», — деп ишендирди Жунушалиев.

Матраимовдорго байланыштуу үч кайрылуу

14-февралда спорттун эрежесиз уруш түрү боюнча мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу Матраимовдун үстүнөн арызданды. Ал видеого жаздырган кайрылуусунда «Ошто адамдар Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калганын» билдирген.

Андан кийин Арпа-Тектир айылынын жашоочулары Жээнбековго видеокайрылуу жолдошкон. «Биз инибиз Рахманберди уулу Төлөгөнгө Ошто Райым Матраимовдун жандоочулары, Кылыч Саркарбаев, Нурбек Райымбеков, Мунар Матраимовдор тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканына кабатырланып жатабыз. Сооронбай Шарипович, ушул ишти өз көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз», — деп кайрылышкан президентке алайлыктар.

Ошол эле күнү президентке Эмилбек Кимсановдун иниси Эмирбек Кимсанов да кайрылган. Ал агасы Эмилбек Райымбек Матраимов тараптан болуп аткан кысымдан улан өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген.

Көп өтпөй ИИМ жана Ош ОИИБи видеокайрылуулар боюнча териштирүү башталганын кабарлаган. Ал эми депутат Искендер Матраимов — Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун агасы — алардын үй-бүлөсүнө каршы криминалды колдонуу аракети болуп жатканын билдирип, жогорудагы кайрылууларды каралоо катары баалаган.