Бишкектеги Ататүрк паркы түрк грантынын эсебинен реконструкцияланат

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун түрк элчиси Жеңгиз Камил Фырат менен жолугушуусунда Ататүрк паркын түрк грантынын эсебинен реконструкциялоо чечими кабыл алынды.

Мэрия реконструкциянын эскизин түрк тарабына өткөрүп берген — ага «Бишкек архитектура башкармалыгынын» жана «Бишкек жашыл чарбанын» адистери жооптуу болушкан. Реконструкция эски парк аттракциондорунун толук жаңыртылышына да тиешелүү болушу мүмкүн.

500 миң доллар грант мэрия түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин союзу менен меморандумга кол койгон учурда, тагыраагы 2018-жылы жайында эле бөлүнгөн.

«Меморандумга кол койдук, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түркия тарабы реконструкциянын эскизин азырынча беките элек», — деп билдиришти Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан. Эскиз бекитилээри менен реконструкция башталат.

Ататүрк — Түркиянын биринчи президенти. Бишкектеги сейил бак түрк президентинин атына 1996-жылы ээ болгон, ага чейин сейил бак Достук паркы деп аталып келген.

Ататүрк атындагы сейил бак — Бишкектеги эң чоң парктардын бири. Эгер шаардын бийлиги 20 жыл ичинде 181 участокту жеке менчик колдорго таратпаганда, анын аймагы кыйла чоң болмок.

Сейил бактагы жерлер кантип депутаттар менен аткаминерлердин үйлөрүн куруу үчүн өтүп кеткендигин төмөндөгү шилтеме менен кирип окуңуз:

ТЕМА БОЮНЧА: