2020-жылы ажылык сапарына баруу акысы 350 долларга кымбаттады

2020-жылдагы ажылыкка бара турган Кыргызстандын жарандарынын ар бири 3350 АКШ доллар төлөй турган болду. Маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жарыялады. Өткөн жылы ажылык сапардын баасы 350 долларга арзан болгон.

«Сауд Аравия падышачылыгы бул жылдан тарта [хадж]-визасын жана медициналык камсыздандырууну акылуу кылып койду. Ошого байланыштуу ажылыктын акысы да көтөрүлдү [...] Ошондой эле ажылыкка Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө баргандардга кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулады», — деп түшүндүрүштү муфтияттан.

2020-жылдын Мекке шаарына ажылык сапарына баруу үчүн Сауд Аравия падышачылыгы Кыргызстанга 6110 квота бөлгөн. Салыштырып көрсөк бул өткөн жылга караганда 100 орунга көбүрөөк.

Ал эми ажылыкка барганы калоочулардын саны 7525 адамга чейин жеткен. Ал жарандардын электрондук кезекке каттоосу өткөн жылдын 16-декабрынан 30-декабрына чейин өткөн. Кезекке туруу үчүн жарандар 500 АКШ доллардан төлөшкөн. Ал эми ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калган 2850 АКШ долларын үстүбүздөгү жылдын 26-февралынан 17-мартына чейин төлөшү зарыл.