Кой-Таш окуясы: Башкы прокуратура ишти сотко өткөрдү

Башкы прокуратура 7-8-августтарда болуп өткөн Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш ишин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Жалпы 14 адамга айып тагылды — алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов жана экс-депутат Равшан Жээнбеков бар.

Ошондой эле сотко депутатар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова жана Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев катышат.

Алардын бардыгы «Адам өлтүрүүгө», «Адам өлтүрүүгө кол салуу», «Массалык башаламандыктарга», «Куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө», «Адамдарды барымтага алууга» жана «Бийликти күч менен басып алуу аракетине» айыпталып жатышат.

Мындан тышкары, «бийликтин өкүлүнө карата зомбулук же коркутуу», «тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу», «ок атуучу куралды уурдоо же тартып алуу» жана «сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу зомбулук жана коркутуу» боюнча айыптар тагылган.

Башка дагы беш адамга карата тергөө менен кызматташууга барышканы үчүн өзүнчө өндүрүш иши башталган.

Атамбаевдин үйүн штурмга алуу

Бийлик мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүн эки күнгө созулган штурмга алуудан кийин 8-августта кармаган. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жабыркаган.

Бийлик Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча суракка үч жолу келбей койгондон кийин үйүн штурмга алууну чечкен. Атамбаев күбө катары суракка алынмак, бирок кармалгандан кийин анын макамы шектүүгө өзгөргөн.

Штурмдун биринчи күнүндө, 7-августта, Атамбаевдин тарапкерлери ал жакта атайын операция жүргүзүп аткан УКМКнын алты кызматкерин туткунга алган.

Кийинчерээк Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов кармалып, ал эми депутат Ирина Карамушкина «адамдарды барымтага алуу» боюнча шектелип, үй камагына алынышкан.

Мындан тышкары, Атамбаев кармалгандан кийин бийлик «Массалык баш аламандыкты уюштуруу», «Адамдарды барымтага алуу», «Адам өлтүрүү» жана «Адам өмүрүнө кол салуу» беренелери боюнча дагы бир нече кылмыш иштерин козгогон.