Баткендеги чек арага чектеш үйлөргө «кызыл китеп» алуу акысы 30%га төмөндөдү

Баткен районундагы чек арага чектеш аймактардын жашоочулары үчүн турак жайга жеке менчик мамлекеттик актысын жасатып алуу акысы 30%га төмөндөдү. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуусунда айтты.

«Тажикстан менен чектешкен Баткен районундагы Аксай жана Самаркандек айыл аймактарындагы [турак жайларга] Мамкаттоодон мамлекеттик актыларды алганга жеңилдик берилет. [...] 30% жеңилдик менен 4700 сом болот», — деп түшүндүрдү өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова.

Ошондой эле жолугушууда Абдрахманов жергиликтүү тургундарды Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы делимитация жана демаркация маселелеринин жүрүшүндө такталбаган чек ара сызыгына 200 метрге чейинки аралыкта курулуш курбоого чакырды.

Көк-Таш айылында 452 турак жай катталган. Абдрахманов учурда айылдын жашоочуларынын документтери толугу менен даяр экенин белгиледи. Буга чейин жашоочулардын 10%ында гана турак жайларынын «кызыл китеби» болгон.