«Аалы Карашевди тааныйсыңбы?» Укук коргоочуга кол көтөргөн адам аны туугандары менен коркуткан

«Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары «Клоопко» укук коргоочу Хусанбай Салиевди бейтааныш адам урган окуянын аудиожазуусун жиберишти. Окуя Ош шаарынын түндүк тарабында болгон.

Аудиожазмага ылайык, Салиевди сабаган Эламан аттуу жаран укук коргоочу ага жолдо орун бербегени үчүн арсар болгон. Ошондой эле ал «милиция менен сүйлөшүп, алар Салиевди коркутуп салышаарына» ишенген.

«Аалы Карашевди тааныйсыңбы? Бир тууган жээни болом, түшүндүңбү? Көтүңдү айрып коёмун. Тагам УКМКнын башчысы болот, көтүңдү любой жерде айрып коюмун. Түшүндүңбү? [...] Өзүңө ишенесиңби? Жүр бул жакка, отур машинага. Көтүңдү айрып саламын. Ишиңден айрылып каласын. Мен сага эркекче айтып жатамын. Тилиме дагы, өзүмө дагы жооп беремин, түшүндүңбү?», — деп айткан Эламан.

Ыктымал УКМКда иштеген тагасынын атын Эламан айткан эмес. Салиев болсо көбүнчө «мыйзам чегинде чечебиз» деген жоопторду узаткан.

Мындан мурун Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» жабырлануучунун арызы КЖБРга «Ээнбаштык» беренеси менен катталганын билдирген. Ал эми шектүү катары өтүп жаткан 23 жаштагы Оштун тургуну ошол эле күнү кармалып, көрсөтмөлөрдү берип баштаган.

«Жок жерден чыккан жок»/«ачуусу келгенинен уруп жиберген»

Бирок «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова өзүнүн баракчасында бул окуя боюнча эч ким кармалбаганын билдирген. Исмаилова «Азаттыкка» курган маегинде окуя Салиевдин ишмердигине байланышы болушу мүмкүндүгүн айткан.

«Сабаган киши “сен эч нерсе кыла албайсың, анткени менин туугандарым Ак үйдө да, парламентте да отурат. Жөн жүр” деп айткан. Жок жерден чыккан жок. Себеби бул укук коргоочулар коомдук чөйрөдө белгилүү болуп калышкан. Ишибизге байланыштуу чабуул экенин четке кага албайм. Бул “укук коргоочу адвокатка кол салуу, мыйзам чегинде жакшылап каралышы керек” деп милицияга кайрылдык, догдурга барып экспертизадан өттү», — деди Исмаилова.

Ал эми милициянын басма сөз кызматынан шектүү «аны эч бир саясатка, пиарга аралаштырбоону» суранып, Салиевди «ачуусу келгенинен уруп жибергенин айтууда» деп билдиришти. Ошондой эле ал Салиевди тааныбаганын айткан.

«Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө адвокат [Салиев] тарабынан жол эрежеси бузулуп, жолдо авариялык кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу аны бетине бир ирет уруп жибергендигин моюнуна алган», — деп айтылат Ош ШИИБинин тараткан билдирүүсүндө.

Окуя 26-февралда болгон. Тасмада көрүнүп тургандай, Салиевди уруп жиберген адам биринчи анын унаасынын алдына токтогон. Андан кийин унаасынан чыгып, Салиев менен кол алышкан соң бетинин оң жагына уруп жиберген. Укук коргоочунун кесиптештери унаадан чыгышып жаңжалды токтоткондон кийин, Салиевди урган адам унаасына отуруп кеткен.

Ал эми Аалы Карашев КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты. Ал Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча парламенттик комитеттин мүчөсү. Депутат менен Салиевди урган адамдын тууганчылык байланышы аныктала элек.