Шаардык кеңештерге өтүүчү шайлоого жалпысынан 22 партия катышат — алардын тизмеси

12-апрелде өтө турган шаардык кеңештерге шайлоого жалпысынан 22 саясий партия катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттер менен жолугушуусунда билдирди.

Партиялардын тизмеси. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Шайлоо Ош, Токмок, Каракол, Майлуу-Суу жана Балыкчы шаарларында өтөт. 22 партиянын төртөөсү — «Мекеним Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс», «Биримдик» жана «Кыргызстан» — бардык шаарлардагы жергиликтүү кеңешке шайлоодо катыша турган болду.

Ал эми Ош шаардык кеңешине шайлоого 9 партия катталды. Жогоруда айтылган төрт партиялардан сырткары «Улуу-Журт», «КЛДП», «Эмгек», «Бирик» жана «Бир Бол» бар.

Соңку эки айда шайлоо өтө турган шаарларда жаңы каттоого турган жарандардын саны кескин өскөн. Жылдын башынан 13-февралга чейин Ошко жаңыдан каттоого турган жарандардын саны 35 895, Токмокто 6 745, Караколдо 3 159 жеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шаарга тиешеси жок жарандар шайлай алышат. Түшүндүрөбүз

«Ушуну шайлайсыңар». Оштогу шайлоого карата студенттерди шаарга каттатуу аракети жүрүүдө

«1000 сом берет». Ошто шайлоого карата студенттерден паспорт чогултула баштады