Өзгөндө коронавирус катталганын кабарлаган медайым кызматынан бошотулду

Whatsapp мессенжери аркылуу 28-февралда «Маска тагынгыла. Коронавирус менен түштү деп бир заматта ызы-чуу болуп кеттик» деп жазылган аудио тараган. Кийинчерээк аталган маалымат соцтармактарда да жайылып талкууга алынды.

Буга байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалыматты тараткан адамды тактоо боюнча иш жүргүзгөн. Жыйынтыгында ал Өзгөн райондук ооруканасынын медайымы Нурила Жамантай кызы болгону аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» Жамантай кызы тараткан маалымат жалган экендигин билдиришти. Ал эми медайым Түштүк Кореяда иштеп, Өзбекстан аркылуу Өзгөнгө келип, карантинге жаткырылган тургундун абалын туура эмес түшүнүп алып маалымат таратканын кабарлашты.

«Кыздарын этият болгула деген мааниде вотсаптан жөнөткөн, ал эми кызы группага жөнөтүп, көпчүлүк группадан ар жака тарап кеткен», — дешти министрликтен.

Өзгөн райондук оорукананын башкы дарыгери Саттар Жусупов Жамантай кызы коомчулуктан кечирим сурап, туура эмес кылганына өкүнүп жазган арызынын негизинде жумуштан боштолуганын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен катталгандар жоктугун маалымдайт. Министрлик 26-февралда Кыргызстанга Кытайдан, Жапониядан жана Түштүк Кореядан келгендер милдеттүү түрдө эки жумага карантинге жаткырылат деген чечим кабыл алган.