Ош — Бишкек каттамындагы жол кырсыгынан улам 7 адам каза тапты

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы жолдо «Мерседец Бенц Вито» үлгүсүндөгү унаа менен «Хонда Джаз» кагышып, жети адам каза болду. Мындан сырткары 6 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Алардын ичинде Өзбекстандын жарандары бар.

Жалал-Абад жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Айбек Сатыбалдиев «Клоопко» билдиргендей, алдын ала божомол боюнча «Мерседец Бенц Витонун» айдоочусу ролдо уктап калган.

«Себеби окуя болгон жерди кароо учурунда “тормозной след” жок болгон», — деп түшүндүрдү Сатыбалдиев.

Каза тапкан жети адамдын бешөөсү «Хонда Джаз», экөөсү «Мерседец Бенц Вито» унааларында кетип баратышкан.