Уктап жаткан аялын балталап өлтүргөн киши 14 жылга соттолду

Сокулук райондук соту 2019-жылдын сентябрында аялын мыкаачылык менен өлтүргөн жергиликтүү тургунду 14 жылга эркинен ажыратты. Ал жубайына уктап жатканда балта менен кол салган. Сотто ал кылмышка алдын ала даярданып жүргөнү, кылмышка чейин эки ай мурда балта сатып алганы белгилүү болгон. Кылмышкердин айтымында, эгер ал аялын ошол күнү өлтүрбөсө, башка күнү өлтүрмөк, анткени жубайы ага телевизор көргөнгө тоскоол болуп жаткан.

«Аялы уктап калгандан кийин балтаны алып үч-төрт жолу чапкан. Сотто ал өкүнгөн жок, баары бир деле аялын өлтүрмөктүгүн айтты», — деп айтып берди журналисттерге Чүй облустук прокуратуранын адиси Нурлан Тагаев.

Кылмыш 2019-жылдын 30-сентябрында жүз берип, үйдө маркумдан тышкары, алардын сегиз жашар баласы болгон. Аялын өлтүргөндөн кийин кылмышкер баласын кошуналарыкына алып барып, аларга кылган ишин айтып берип, изин суутуп кеткен. Милиция 43 жаштагы аялдын сөөгүн таап, «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, маркумдун жолдошун кармаган.

Мурдараак Токмок шаардык соту аялын өлтүрүп, муну суицид катары көрсөткүүгө аракет кылган кишини он жылга эркинен ажыраткан. Ал аялын бешинчи кабаттан ыргытып жибергени боюнча күнөөлүү деп табылган.

Өрт коюу, унаа менен сүзүү, өлтүрүү

Милиция 2020-жылдын башынан тарта аялдарынын өмүрүнө кол салган күйөөлөрү жана аларды өлтүргөн учурлар тууралуу утур-утур маалымдап келет. Январь айынын биринчи апталарында эки аял күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан. Каза тапкан аялдардын туугандары маркумдар дайыма үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркап келишкенин айтышкан. Маркумдардын бирөөсү Нарында, экинчиси Баткенде жашаган — алардын артында бир нече балдары энесиз калган.

Ошол эле айда Ысык-Көл облусунда аялга кол салуу болгонуу тууралуу маалым болгон. Күйөөсү жубайына бензин чачып, өрт койгон, бирок аялы тирүү калган. Кийинчерээк жубайы коркутуулардан улам күйөөсүнө каршы жазган арызын чакыртып алган. Бирок милиция кылмыш иши оор болгондугуна таянып, ишти токтотпой тургандыгын маалымдаган.

Февраль айында милиция өрттөн каза болгон дагы бир учур тууралуу кабарлаган. Мас абалда болгон күйөөсү аялына бензин чачып, газга тамак жасоого мажбурлаган — аны газды күйгүзөөрү менен жалып каптап, алган күйүктөрүнөн улам каза тапкан.

Ошол эле айда Ошто аялын мончодон кеч келгени үчүн машинасы менен сүзүп, колунан кармап алып бир нече метрге сүйрөгөн киши кармалган. Жабыркаган аял күйөөсүн үй камагына коё берүүнү суранган.

ЖМКлар мындай адам өлтүрүүлөр тууралуу дээрлик ай сайын кабарлап турганы менен бул ачыкка чыгып кеткен учурлар гана. Милиция 2019-жылы күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкан аялдардын өлүмү тууралуу маалыматтарды бир нече ирет ырастаган. Ага ылайык, алардын арасында октон, бычактан жарадар болгондор да бар. Ушундай кылмыштар Кыргызстандын бардык облустарында болуп келет.

Үй бүлөдөгү зомбулук маселеси 2020-жылдын башында коомдо кызуу талкуу жараткан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Ошондо премьер-министр аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо боюнча ишти күчөтөөрүн билдирген. Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкө аялдарынын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, акыркы 10 жылда каттоого алынган үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны өсүүдө. Ошол эле учурда аталган маалыматтар негизинен үй-бүлөлүк зомбулукчулар административдик гана жазага тартылышаарын көрсөтүп турат — бул штраф, эскертүү же коомдук иштер. Кылмыш иштери орточо эсеп менен учурлардын алты пайызында гана козголот.