Депутат Эмил Токтошев «Азия Ньюс» интервьюсун бурмалаганын айтты

Материал  6-мартта саат 00:20да жаңыртылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 2-мартта өткөн оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровду колдоо митинги боюнча «Азия Ньюс» гезитине маек курган. Анда Токтошев Ак үйдөн чыгып бараткан парламенттин кызматкерлерин жакалаган аялдар боюнча суроого жооп берип жатып, «ошондо мен болгондо сазайын берип, тепкилешмекмин» деп айтканы жазылган.

«Ал аялдар абдан туура эмес кылышты. Шермендечилик да бул көрүнүш. Мас болуп алган аялдар келип, ЖК имаратынан чыгып бараткан жөнөкөй кызматкерлерди жакалап, муштап жатышат. Ошондо мен болгондо сазайын берип, тепкилешмекмин. Экинчи мындай көрүнүш болбошу үчүн аларды сөзсүз таап, жазалаш керек», — деп Токтошевдин маек курганы жазылган.

Токтошев, аталган басылмага маек кургандыгын «Клоопко» тастыктап, басылмага «сазайын берип, тепкилешмекмин» деген сөздү айтпаганын жана анын үстүнөн каралоо жүрүп жатканын билдирди.

«Маек кургам, аялдардын иш-аракетин туура эмес деп айтканмын, бирок тепкилемекмин деген сөздү айткан эмесмин. Өзүңөр деле ойлонуп көрсөңөр, ошентип айтмак белем?» — дейт депутат.

Ал эми гезиттин башкы редактору Асланбек Сартбаев «Клоопко» депутат так эле ошентип жооп бергенин билдирди. Бирок Сартбаев материал жарык көрөөр алдында маектин аудиожазмасын жибере алган жок.

«Сакталып калган сүйлөшүүнү караш керек да, интервью алган журналист менен сүйлөшүш керек. Бирок ал антип айтпаса биз ал сөздү каяктан алмак элек?», — деп билдирди Сартбаев.

Макала чыгаар алдында өзүн депутаттан интервью алган журналист катары тааныштырган Динара Турдугулова фейсбук баракчасына Токтошев ал сөздү айтпаганын билдирип пост жарыялады. Ал постунда депутаттын айткандары редактор тарабынан бурмаланганын жазып, Токтошевден кечирим сурады. Ошондой эле ал эл өкүлү сотко кайрылууга акысы бар экенин эскертти.

«Автор мен, бирок, менин автордук укугум бузулган, редактор Аслан Сартбаев макалага башка авторду, т.а. псевдоним коюп чыгарган. Эмил мырза “Мен болгондо Ак үйдүн астына келген мас аялдарды тепкилейт элем” деген сөздү айткан эмес. Менин вариантым өзүмдө сакталуу. Депутаттын сөзү бурмаланган», — деп жазган ал.

Кийинчерээк Турдугулова маектин видеосун жарыялады.

Үч күн мурун Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында Садыр Жапаровду колдоо митинги өтүп, ага катышкан айрым аялдар Жогорку Кеңештин имаратына барышкан. Алар парламенттен чыккан кызматкерлерди тосуп алып, «Сооронбайды таап кел мага!» деп айтып кол салышкан.

4-мартта ал аялдардын биринин аты-жөнү такталып, ал Бишкек ШИИББине жеткирилип, ага карата сотко чейинки өндүрүш башталган.