Ошто тургундардын көпчүлүгү жол акысын электрондук түрдө төлөөдөн баш тартышууда

Сүрөт: Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Мындан бир жыл мурун Ош шаарында троллейбус жана автобустарда жол акысын электрондук карта аркылуу төлөө системасы ишке кирген. Бирок көпчүлүк жүргүнчүлөр накталай акча менен төлөөнү улантышууда.

Маселен сатыкка чыккан 30 миң картанын 7 миңден ашууну гана колдонулууда. Ал эми расмий маалыматка ылайык, шаарда жалпысынан 222 миң адам каттоодо турат.

Электрондук төлөм 31 троллейбус жана 30 автобуска киргизилген.

Учурда 1135 карта окуучуларга, 1098 карта жалпы жашоочуларга жана 5032 карта ардагерлер жана майып адамдарга сатылган. Электрондук карталарды көбүнчө ардагерлер алган. Себеби алар төрт жыл бою троллейбус жана автобустарда акысыз жүрө алышат.

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жылдыз Капарова «Клоопко» билдиргендей, шаардыктардын электрондук төлөмгө өтө албай жатканын муниципалдык транспорттун бардык жерге барбашы менен түшүндүрөт.

«Көбүнчө картаны Западныйдан (азыркы Кулатов кичи району) Араван аялдамасына келген жүргүнчүлөр алып атышат — 10 сом төлөгөндөн көрө 8 сом төлөгөнү жакшы деп. Бирок жүргүнчүлөр ошол жерлерге эле барышпайт да. Эгер биздин каттамдар [Оштун] бардык жерин камтыганда, карталарды көйгөйсүз сата бермекбиз», — дейт Капарова.

Электрондук картаны кайдан сатып алса болот?

Картанын үч түрү бар: ардагерлер жана майып адамдар, окуучулар жана жалпы тургундар үчүн. Карталардын баасы 64 сом, алар Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинен, Оштун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын Манас-Ата, Керме-Тоо, Курманжан-Датка аймактык кеңселеринде сатылат.

Электрондук картаны сатып алуу үчүн ардагерлер, майып адамдар жана окуучулар өздүгүн тастыктоочу жана жеңилдик берүүчү документтерди көрсөтүшү керек болот. Жөнөкөй карталарды документ жок деле алса болот.

Ошол эле жерлерде картаны толуктоо үчүн терминалдар орнотулган. Ар бир кардар картанын номери аркылуу балансын толуктай алат. Ал эми пландалып жаткан «ЭЛСОМ» электрондук капчыгы аркылуу картаны толуктоо азырынча ишке ашырыла элек.

Электрондук картаны алгандан соң ардагерлер жана майып адамдар төрт жылга чейин акысыз жүрсө болот. Окуучулар болсо 3 сомдон төлөйт. Ал эми калган жарандар электрондук карта менен троллейбустарда 6 сом, автобустарда 8 сомдон төлөйт — бул накталай төлөмгө караганда 2 сомго арзаныраак.

Ошондой эле жол кирени арзаныраак тыйындар менен төлөсө да болот. Бул үчүн валидатор орнотулган. Маанилүү: валидатор ашыкча төлөнгөн тыйынды кайтарбайт.

Электрондук тейлөө кызматы коомдук транспорттогу тейлөөнүн сапатын жакшыртууну көздөйт. Долбоор 2016-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланып, аны ишке ашырууга 684 миң евро бөлүнгөн.

Февралдын айынын башында Бишкектеги автобус жана троллейсбустарда «Тулпар» электрондук билеттөө системасы ишке кирген. Система иштеп баштаган күнү 4706 жүргүнчү жол кире акысын электрондук карта аркылуу төлөшкөн. Жүргүнчүлөргө жол кирени накталай төлөөгө тыюу салынганы менен алар накталай акча менен төлөөнү улантышууда.