Бишкекте аялдардын укугу үчүн маршта болгон зомбулукка каршы митинг өтөт

Жүздөгөн адам 10-мартта күн жарымында Бишкектин борборунда нааразылык акциясына чыгууну пландап жатат — бул 8-март күнү үзгүлтүккө учуратылган аялдардын укугу үчүн маршка карата реакция болот.

«Митингге аялдарга карата зомбулукка нааразы болгон жарандар келишет», — деп айтылат уюштуруучулардын пресс-релизинде.

Митингдин катышуучулары бийликке 8-мартта маршка чабуул жасагандарды таап, жоопкерчиликке тартууну, андан тышкары, чабуулчуларды кармоонун ордуна жапа чеккендерди кармап кеткен милициянын аракетин иликтөөнү талап кылышмакчы.

Митинг Бишкектин борборундагы Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өтөт. Анын артында эч бир уюм турбайт, митингди пландоо Телеграм мессенджериндеги тайпа аркылуу жүргүзүлүүдө. Митингди уюштуруу боюнча тайпада жалпы 600дөн ашуун адам бар.

Бишкек милициясы митингдин катышуучуларын «ар кандай чагымдардан» коргой турганын жана кадимки тартипте иштээрин кабарлады. Бишкек ШИИБнин басма сөз борборунун башчысы Улан Жумаков эгер керек болсо «жарандардын коопсуздугун камсыздоо күчөтүлөөрүн» айтты.

8-марттагы зомбулук

Бишкекте аялдардын укугун коргогон жөө жүрүшкө чабуул жасалды. Бул мындай жөө жүрүшкө карата жасалган Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы кол салуу. Анда марштын катышуучуларына бет капчан 40ка жакын адам кол салган.

Чабуул 8-март чак түштө марш жүрүшүн Жеңиш аянтынан баштаар алдында болгон. Чагымчылар транспаранттар менен плакаттарды сындырып, жумуртка ыргытып, анын ичинде марштын катышуучулары менен прессага физикалык чабуул жасашкан.

Ал убакта окуя болгон жерде жүргөн милиция кызматкерлери эч кандай аракет көрүшкөн эмес — муну көптөгөн видеолор да тастыктап турат.

Андан соң милиция чабуулдан жапа чеккендерди кармаган — жалпы 70ке чукул адам.

Милиция Свердлов РИИБине тирешкендердин эки тарабы тең жеткирдик деп айтканы менен кол салгандардын кимдир бирөөсү кармалганы же жогу боюнча эч кандай ырастоолор жок.

Чабуулдан жапа чеккендер кармалгандан кийин эки сааттан соң Свердлов РИИБнен айып тагуусуз коё берилишкен.

Марштын жети катышуучусуна карата милиция кызматкерлеринин талабына баш ийбөө тууралуу протокол түзүлгөн, аларга 3 миң сомго чейинки айыппул салынышы мүмкүн.

Эми болсо өкмөт милициянын аракетин «зомбулукту алдын алуу» катары түшүндүрүүгө аракет кылууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте аялдардын маршына чабуул болду. Милиция андан жапа чеккендерди кармады