Видео. Жээнбековдун келишине Ош — Баткен жолундагы чуңкурлар топурак менен толтурулду

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-мартта Баткен обулусуна эки күндүк иш сапары менен барды. Буга байланыштуу Ош — Ноокат — Баткен жолундагы чуңкурларга топурак толтурулуп, жолдун жээги тазаланды.

Видео: «Турмуш» басылмасы

Бул тууралуу «Турмуш» басылмасына Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнөн Баткен облусуна чейинки жолду басып өткөн айдоочу Кубат Саманчиев билдирген. Ал тарткан тасмада жалбырактар да күйгүзүлгөнүн көрүүгө болот. Бирок бул көрүнүш экологияга олуттуу зыян алып келет.

«Жол маселеси боюнча эл айыл өкмөткө, район башчысына көп жолу кайрылышты. Бирок жетекчилер жол Транспорт министрлигине карайт, биз эч нерсе кыла албайбыз дешти. Буга чейин да бир "чоң" келе жатканда жолдогу чуңкурларды ушинтип топурак менен толтуруп чыгышкан. Жок дегенде майда таш төгүшсө, жамгыр жааганда агызып кетпейт эле», — деп билдирген Саманчиев.

Материал жарык көрөөрдүн алдында жергиликтүү бийликтен комментарий алуу аракетибизден майнап чыккан жок.