Атасынын колунан бычак жеген бөбөк туугандарынын камкордугуна алынды

Беш жолу бычак жеген бөбөк дагы деле жандандыруу бөлүмүндө. Баланын энеси жолдошунун колунан каза тапкан. Ал эми кыргызстандыктар аны колдоо үчүн каражат топтоп жатышкан. Саламаттык сактоо министрлиги ымыркайды маркум эненин туугандары камкордукка алганын кабарлады.

Учурда баланын акыбалы салыштырмалуу канааттандыраарлык, дарылоо улантылып жатат. Баланын өпкөсүнөн жасалма вентиляциялоо аппараты алынып, дем алуусу калыбына келип сүйлөй баштаган.

Бөбөк таякеси менен тай эжесинин камкордугуна алынгандыгы тууралуу «Балдардын укугун коргоо лигасынын» башчысы Назгүл Турдубекова айтып берди. Буга чейин алар баланын энесин жерге берүү зыйнатын аткаруу менен бошобой жатышкан.

Турдубекованын фонду баланын жалаяктары үчүн каражат чогултуу ишин жүргүзүп аткан — учурда каражат топтоо токтотулган.

Балага жана анын энесине кол салуу окуясы 6-март күнү Бишкекте болгон. Жубайын өлтүргөндөн кийин кылмышкер баласына беш жолу бычак сайып, андан кийин өз жанын кыйып салган. Бала тез жардам жана милиция чакырып берген кошуналарыныкына чейин жете алган.

Авторлошу: Сева Махмудова