Баткендеги иш сапары менен президент кабар алган мектепте 9 гана компьютер бар

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 10-мартта Баткен шаарына болгон эки күндүк иш сапары учурунда Садык Айтматов атындагы орто мектебине барды. Анда президент мектептин абалы менен таанышып, мугалимдер жана окуучулар менен пикир алышкан.

Жолугушууда президент «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын» алкагында балдарды окутуу процессине алдыңкы санарип технологияларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилеген.

Ошондой эле президенттин сайтында санариптештирүү боюнча долбоорлор окуу процессин иш жүзүндө кантип жакшыртып жатканы жөнүндө айтып беришти деп жазылган.

«Клооптун» журналисти аталган мектептин директору Назира Эшалиева менен байланышып санариптештирүүнүн алкагында кандай өзгөрүүлөр болгонун сурады. Эшалиева мектеп 2020-жылы электрондук күндөлүккө өткөнү менен бул жаатта алгылыктуу иш алып барыла электигин белгиледи. Мындан сырткары 500 окуучу билим алган мектепте 9 гана компьютер бар болгонун айтты.

«Президентке айтпасак да, буга чейин дайыма билим берүү башкармалыгына айтып келе жатабыз. Биздин мектепте болгону тогуз компьютер бар. Бул компьютерлер 2007-жылы “Арис” долбоору менен алынып келинген. 2004-2003-жылы чыккан компьютерлер болуш керек», — деп түшүндүрдү Эшалиева.

Информатика сабагы мектептерде 7-11-класстын окуучуларына өтүлөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча мектептерге 15 570 компьютер жетишсиз. Анын 2480и Баткен облусуна туура келет.

2018-жылга карата мектеп-интернаттарды кошкондо республикадагы мамлекеттик мектептердин жалпы санынан 67% интернет менен камсыз болгон.

Ошондой эле Садык Айтматов атындагы орто мектеби 1978-жылы курулган. Жээнбеков менен жолугушууда окуучулар жаңы мектеп куруу зарылдыгын айтышкан. Президенттин сайтында өкмөтө бул тууралуу сунуштама берилгени кабарланды.

Кыргызстанда эки жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыяланды. Быйылкы жылдын өзгөчөлүгү балдарды колдоо деп да аталганында.

Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Жээнбеков Жогорку Кеңештин отурумунда санариптештирүү саясатынын жыйынтыгы катары, 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис электрондук форматта өткөнүн билдирди.