Аксыдагы окуучунун сабалышы боюнча мектеп директору жана соцпедагог иштен алынды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунунда 6-февралда №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектептин 9-класстын окуучусу алты классташ балдары тарабынан сабалган. Окуя тууралуу тасма социалдык тармактарга тарап, көпчүлүк интернет колдонуучулар укук коргоо органдарынан ур-токмокко алган балдарды жазага тартууну талап кылышкан.

Билим берүү министрлигинен окуяга байланыштуу мектеп директору Кененбай Шабданов жана социалдык педагогу жумушунан алынганын билдиришти.

«Шабданов өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөгөндүгү үчүн ээлеген кызматынын бошотулду», — деп айтылат министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» окуя «Ээнбаштык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылганын кабарлады.

«Иштин алкагында Аксы райондук прокуратурасы менен биргеликте окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле окуяга тиешелүү болгон бардык шектүүлөрдүн өздүктөрү аныкталып, ата-энелердин жана социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн», — деди Жээнтаев.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун апасы эч кимге доосу жок экендигин билдирип, тосмо арыз жазып берген. Жээнтаев тосмо арыз канааттандырылуудан баш тартылып, иш соттун кароосуна жиберүү алдында тургандыгын кошумчалады.