«Аптекадагы бет каптын сапаты начар». Ош шаарында күнүнө 10 миң бет кап өндүрүлө баштады

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калаада медициналык бет кап тигиле баштаганын маалыдады. Бет каптарды «Дастан-Стиль» ишканасы өндүрө турган болду. Ал эми өндүрүүнүн көлөмү күнүнө 10 миң бет капка чейин жетет.

«Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине медициналык дары-дармектердин, айрыкча бет каптардын баасын көзөмөлдөө тапшырмасы берилди […] Ошондой эле башка тигүүчү ишканалар да бет кап өндүрүү демилгесин көтөрүп жатышат», — деди Сарыбашов.

«Дастан-Стиль» ишканасынын жетекчисинин орун басары Элдос Орунбаев медициналык бет кап тигүү идеясы аларга таандык экенин, бирок мындай сунуш өкмөттөн да түшкөнүн билдирди. Анын айтымында, бет кап стандарт боюнча тигилет. Ошондой эле аны көп жолу колдонууга болот.

«Өкмөттөн маска тартыш деп айтышкан. 2020-жылдын октябрь-ноябрына чейин [экспортко] негизи буйрутмабыз бар. Буйрутманы тигип жөнөтүшүбүз керек эле. Шартка байланыштуу [балдар кийимин тигүүнү] токтотуп, маска тартылыштыгынан жардам иретинде бет кап тиккенге өттүк. Азыр 10дон ашык чоң дарыканалардын желеси менен келишимдерибиз бар, эң эле аз дегенде ар бири 10-20 миңден ары буйрутма берип жатышат», — деди ал.

«Дастан-Стиль» ишканасы. Сүрөт: Т-Медиа

Орунбаевин айтымында, Ош шаарында сатылып жаткан бет каптардын сапаты «начар» жана «сапатсыз болгондору тескеринче оору пайда кылышы мүмкүн».

«Биз өзүбүзгө, бала-чакага бет кап алганы дарыканаларга киргенибизде 15 аптеканын 10нунда маска жок болуп чыкты. Калган 5 аптекадан сураганыбызда сапаты аябай начар, курулуш материалдан жасалган же болбосо марлевый, жумшак, сөлбүрөгөн же болбосо бут кийимдерди, идиш-аяктарды сала турган материалдардан тигилген», — деп түшүндүрдү Орунбаев.

Бет каптарды өндүрүүнүн алдында ишканага Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинен келишип бет каптарды тигүү технологиясы менен таанышып өндүрүшкө уруксат беришкен. Ишканадан бет кап суроо-талап бүткөнгө чейин тигилээрин белгилешти.

Буга чейин республикалык штабтын отурумунда бир катар ата мекендик компаниялар медициналык бет каптарды өндүрө баштаары жана алар жакынкы арада өлкөдөгү дарыканаларда сатыкка чыгаары айтылган.