Ош аэропортунда ички каттамдын жүргүнчүлөрү да коронавируска текшерилет

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» 16-мартта мэр Таалайбек Сарыбашов Ош эл аралык аэропортундагы ички каттамдар аркылуу учуп келген кыргызстандыктарды коронавируска текшерүү тууралуу тапшырма бергенин билдирди.

«Эми Бишкектен учуп келгендер текшерилет. Анткени бул коопсуздуктун алдын алууну көздөйт. Андан тышкары, мэр Таалайбек Сарыбашов аэропорттогу убактылуу изоляторлорду, аэропорттун коронавируска байланыштуу иш тартибин да текшерди», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавирус катталган жок. Бирок өлкөгө коңшулаш мамлекеттерде — Өзбекстанда 4 киши, Казакстанда 9 адам короновирус инфекциясы менен катталды. Мындан улам Казакстанда 16-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев «коронавирусту жугузуп алган адамдардын Казакстандан жана Өзбекстандан аныкталышы менен оору Кыргызстанга жакындады» деп билдирди. Буга байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген адамдарды текшерүү күчөтүлөрүн белгиледи.

Coronalive: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция