Тамада Арстан Алайды «Кытайга коронавирус жибергенин айтканы» үчүн сотко берди

Теле алып баруучу жана тамада Урматбек Асанбеков 17-мартта коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаевди (Арстан Алайды) сотко берди. Асанбековдун айтымында, Арстан Алай «Кытайга коронавирусту жибергени тууралуу айтып чыккандан» кийин бул маалымат эч ким тарабынан четке кагылган эмес.

Ал эми 15-мартта Кыргызстанга коронавирус жакындап калды деген маалыматтардан кийин ар кандай үй-бүлөлүк иш-чаралар, мааракелер токтотулуп, ал жумушсуз калганын айтууда.

«Меним оюмча [Арстан Алай] өз сөздөрүнө жооп бериши керек. Ошол үчүн мен Арстан Алайды сотко бердим», — деп жазган Асанбеков.

«Мага адеп-ахлактуу залал келтирилди. Иш-чараларда алып баруучу болгон жумушумдан айрылдым, кайталанган баш оорулар пайда болуп жатат. Ошондой эле туулган күнүмдү тоса албадым. Ошондуктан көңүлүм тынчсызданып, кыжалат болуп жатамын», — деп жазылган доо арызда.

Асанбеков морадык компенсация катары Арстан Алайдан Бишкектин Ленин райондук соту аркылуу 50 миң сом талап кылууда.

2019-жылдын 30-августунда Бишкектеги басма сөз жыйында Арстан Алай өзүн «кудай» деп жарыялаган. Ошондой эле аалам аны Кыргызстандын 2020-жылдагы президенти деп бекиткенин айткан.

Кийинчерээк Бишкек ШИИБи ага карата «Этникалык, улуттук жана диний кастыкты козутуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган, бирок анын иши өткөн жылдын 31-декабрында кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды.

Ал эми 3-мартта Арстан Алай Кытай Кыргызстандын 4 млрд доллар карызын кечирбегени үчүн аларга «коронавирусту жибергенин айткан». Бирок ошол эле учурда «коронавирус Кыргызстанга келбешин» билдирген.