Жалал-Абадга коронавирусту аныктоочу автолаборатория тартылат

Благовещенка айылына коюлган тосмо. Сүрөт: Руслан Калматов / Азаттык

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 18-мартта басма сөз жыйын куруп, анда кабыл алынган өзгөчө кырдаал жана коронавирус илдети боюнча ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп беришти.

Жыйында облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев жугуштуу оорунун тарап кетпөөсү үчүн коронавирус аныкталган айылдарга бетон тосмолор коюлганын билдирди.

«Азыр Благовещенск айылына өзгөчө кырдаал киргизилди. Благовещенск, Орто Азия жана Бостон айылына 19 пост коюлат. Ошол жерлерде чектөө болот. Оору тарап кетпөөсү үчүн бизде баары жетиштүү. Азыр эми мындан кийин окуянын өрчүшүнө жараша дагы башка чечим кабыл алабыз», — деп айтты Жолдошев.

Ал эми Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев өзгөчө кырдаал 14 күнгө созулаарын белгиледи. Ал эми тургундарга той-аш өткөрүүгө, бир жерде чогулууга тыюу салынды. Ошондой эле ал Жалал-Абадда вирусту аныктаган лаборатория жок болгондуктан, автолаборатория алынып келинет деп билдирди.

«Өзгөчө кырдаал кабыл алынган айылдарга азык-түлүктү атайын унаалар пост коюлган жерге алып келип берет да, айылдан да атайын унаа чыгып аны алып кирип кетет. Андан кийин элге таратылат», — деди райондун акими.

«Клооптун» Жалал-Абад облусундагы кабарчысы Марат Иманкулов Сузак районундагы кырдаал тууралуу тургундар менен баарлашты. Алардын бири Халимахон Эргашова илдеттин Сузактан чыккандыгы тууралуу соцтрамактар аркылуу билгенин айткан.

«Бир кызым Благовещенск айылына келин болуп түшкөн. Ошол кызым эрте менен whatsappтан “биздин айылда ызы-чуу болуп жатат, коронавирус чыкты. Биз көчөгө чыкпай отурабыз” деп жазыптыр. Тамак-ашты болсо биз мурунку жума камдап алганбыз», — дейт Эргашова.

Ал эми дагы бир тургун Акылбек Максутов өзгөчө кырдаал боюнча 18-мартта саат 9:00да билгенин айтат. Анын айтымында, коронавирус Сузактан чыгат деп күткөн эмес.

«Аялым базарда иштейт. “Амансыңарбы” деп чалсам, “жакшыбыз” дейт, бирок соода жоктугун айтты. Колду таза жууп, эрежелерди аткарып жатабыз. Мечитке да барбай койдум», — дейт Максутов.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев республикалык штабдын 18-мартта өткөн брифингде Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан келген 3 кыргызстандыктан коронавирус аныкталганын билдирди. Учурда алар Жалал-Абад облустук ооруканада обочого алынган.

Коронавирус жуктуруп алгандар Сузак районунун Благовещенск айлынын тургундары. Мындан тышкары алар менен бир учакта келген 135 адамдын 90у обочолонду.

Коронавируска шектелген жарандардын анализдери биринчи Ош шаарындагы лабораторияда оң жыйынтык берген. Кийинчерээк Бишкектеги лаборатория ооруну тастыктаган.