Ошто мугалимдер мектепке барууга мажбур болушканын айтып даттанышты

Ош шаарындагы мектеп мугалимдери карантинге карабай жумушка келип жатышат. Бул тууралуу калаадагы мектептердин биринде иштеген окутуучулардын бири «Клоопко» кабарлады.

«Саат 13:00гө чейин иш ордубузда болушубуз керек экен. Мектеп жетекчилиги маяна төлөнөт, ошондуктан келишиңер керек деген. Балдарыбызды үйгө таштап келип жатабыз. Күндө коомдук транспорт менен келемин. Бул кооптуу», — деп нааразы болду ал.

Мугалим ошондой эле маска жана антисептикалык каражаттар берилбей жатканын кошумчалады.

Ош билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Дилбар Самидинова мектеп мугалимдери жумушка баары эмес, кезеги менен нөөмөтчүлөр гана келип жаткандыгын маалымдады.

«Билим берүү башкармалыгы тарабынан буйрук чыгып, ар бир мектептин жетекчиси атайын график түзгөн. Мугалимдер ошол графикте көрсөтүлгөн кезек менен гана жумушка келиши керек. Ал эми директор көзөмөлдөө үчүн өзү күн сайын келет», — деп түшүндүрдү Самидинова.

Дагы бир атын атагысы келбеген мугалим аталган буйрук 18-мартта чыккандыгын тастыктады. Анын айтымында, ар бир мугалим жумасына бир жолудан нөөмөттө турууга милдеттендирилди. «Бизге да карантин керек. Ден соолук да керек» — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Ош шаарында 76 орто мектеп бар. Анын 55и мамлекеттик болуп саналат. Калаада жалпысынан 3200дөн ашуун мугалим эмгектенет.