Ноокат районундагы Кашкалдак айылынын жолуна блок-пост коюлду

Материал саат 11:52де жаңыртылды.

Ош облусунун Ноокат районундагы Зулпуев айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылына алып барчу негизги жол тосулду. Жеринде укук коргоо органдарынын кызматкерлери турушат. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасынын журналисти Арафат Бекиева фейсбук баракчасында түз эфирде кабарлады.

Анын айтымында, коронавирус аныкталган үч киши Кашкалдак айылынын тургундары болушу ыктымал. Түз эфирде жергиликтүүлөр жол эмне себептен тосулганы тууралуу маалыматтары жоктугун айтышкан. Ал эми атайын коргонуучу кийим кийген киши элдерге бет кап тагынуу, кол берип учурашпоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирген.

Райондун акими Давранбек Маматалиев үч блок-пост коюлганын журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты. Бирок кайсы айылдар экенин так айткан жок.

«Оору жуктургандар ооруканага жаткырылган. Аларды саламаттык сактоо кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат. Дагы кандай катталат учурда белгисиз. Бирок биз алдын алууга даярдыктарды көрүп жатабыз. Кайсы айылдан экенин айта албайм. Бирок ооруга чалдыккандан Жаңы-Ноокат жана Зулпуев айыл өкмөтүнөн болушат. Булар кичи ажылык сапардан келишкен», — деди Маматалиев.

Бүгүн эртең менен саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунун үч тургунунда коронавирус катталганын айтты. Алар жергиликтүү ооруканада даарыланып жатышканы кабарланды. Министр оору жуктургандар кичи ажылыктан келишкенин белгиледи.

Ушуну менен Кыргызстанда 6 адам коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургунунда аталган оору табылган — алар да Сауд Арабиядагы кичи ажылыктан учуп келишкен.

Ошол эле күнү Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев аймакта өзгөчө кырдаал киргизилгенин жарыялаган. Коронавирус табылган айылдарда блок-посттор коюлуп, аймак курчоого алынды. Айыл тургундарынын баары карантинде турушат.

Коронавирус жуктуруп алган 3 жаран менен биргеликте Сауд Арабиядан 144 адам учакта болгон — алардын ичинен 2 жаран Өзбекстанга чыгып кеткен, калган 142 жаранда коронавирус аныкталган жок. Бул жарандардын баары обсервацияга алынган. Ошондой эле саламаттык сактоо министри алар коронавируска дагы бир нече жолу анализ беришерин билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү коронавирустун кырдаалы тууралуу нон-стоп трансляция